МАЛЯВИН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАЛЯВИН Филипп Андреевич [10 (22). 10. 1869, Самара губерниясы, Казанка кыш. (азыркы Оренбург обл., Тоцк району) - 23. 12. 1940, Ницца] - орус живописчи жана график. 1906-жылдан Петербург көркөм сүрөт академиясынын мүчөсү. 1885-91-жылы Ыйык Пантелеймон монастырында кечилдикти кабыл алган жана икона тартуу өнөрканасында иштеген. 1922-жылдан
чет өлкөдө жашаган. 1900-жылы М-дин «Күлкү» аттуу картинасы дүйнөлүк көргөзмөдө алтын медалга татыган. «Көчмө көргөзмө» агымы анын чыгармаларына таасирин тийгизген. 1924-жылдан Европа өлкөлөрүндө, анын ичинде Шарпантье галереясында чыгармаларынын көргөзмөлөрүн өткөргөн. М. чыгармачылыгында орус тематикасын көтөрүп чыккан.
