МАТЕМАТИКАЛЫК СТАТИСТИКА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАТЕМАТИКАЛЫК СТАТИСТИКА - математи­канын бир бөлүмү; анда илимий жана практикалык корутунду чыгаруу үчүн статистикалык маалы­маттарды системага салуу, иштеп чыгуу жана пайдалануунун математикалык методдору каралат. Мын­да статистикалык маалыматтар - кандайдыр бир белгилер боюнча айырмаланган объектилердин ж. б. саны жөнүндөгү билдирүүлөр. Статистикалык

маалыматтарга таянып жүргүзүлгөн изилдөө методу статистикалык метод деп аталат. Бул метод илимдин социол.-экономикалык статистика, ста­тистикалык физика, жылдыз астрономиясы, кибернетиканын теориялык жана практикалык масе­лелерин чечүү ж. б. ар кандай тармактарында колдонулат. Ыктымалдык теориясына негиздел­ген тандоо методу М. с-да кеңири пайдаланы­латынча М. с. параметрлердин бөлүнүшүн статисти­калык чамалоодо жана статистикалык гипотеза­ларды текшерүүдө да пайдаланылат.