МАССАЛЫК МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫ (ММК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАССАЛЫК МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫ (ММК), массалык коммуникация каражаттары, масс-медиа - маалымат таратуу каражаттары. ММК массалык коммуникация үчүн пайдаланылат жана чоң аудиторияга арналгандыгы, жалпы жетимдүүлүгү, маалымат даярдоонун жана таратуунун корпоративдүүлүгү (ар бир ММКнын өз чыгаруучусу бар) менен мүнөздөлөт. 20- к-дын башында пайда болгон техникалык каражаттар ММКнын - эң көп тиражы менен басылган басма сөздун, кинематографтын, жалпы улуттук радиоуктуруунун, кийин телекөрсөтуунун, интернет медиа ресурстарынын пайда болушуна алып келди. ММК масса үчүн дүйнөлүк кабарларды билүүнүн булагы болуп, адам көңүлүн жубатуу, алаксытуу, бош убакытын толтуруу менен социалдаштырууда жана билим берүүдө зор роль ойногон. Коомду мобилизациялоодо, үгүт жүргүзүп жана коомдун пикир түзүүдө да ММК зор мааниге ээ. 20-к-дын 2-жарымында ММК системасы массалык коммуникацияны камсыз кылуу менен массалык маданиятты калыптандырды жана таасир тийгизүүнүн коммерциялык жарнама, саясий «пиар» ж. б. түрлөрүнө эбегейсиз мүмкунчүлүктөрдү берүү менен коомдук башкы саясий жана экономикалык институттарына айланды. ММКнын түрлөрү: мезгилдүү басылмалар (гезит, журнал ж. б.), электрондук маалымат каражаттары (радио, телекөрсөтүү, интернет); кинематограф, үн жана видео-жазуулар; видео жана телетекст, жарнама учүн тузүлүштөр ж. б. Кыргызстанда ММК ишмердиги КРдин «Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгу» мыйзамына (1993) ылайык жүргүзүлөт. «Кыргыз туусу», «Эркинтоо», «Де-1ас1о», «Замандаш» ж. б. гезит-журналдар чыгат. КТРК, ЭлТР, «Пирамида» ж. б. телекөрсөтүү компаниялары, «Биринчи радио», «Кыргыз радиосу», «Кыргызстан обондору», «Санжыра» ж. б. радиостанциялар иштейт. Интернет кеңири таралууда. Дуйнөлүк белгилүү маалымат агенттиктери: Ассошэйтед пресс, Интерфакс, Итар-ТАСС, Рейтер, РИА, «Новости», Синьхуа ж. б. Кыргызстанда «Кабар» (КирТАГ), Аки-Пресс, 24 к& ж. б. агенттиктер иштейт.
Ад.: Кузнецов В. Г„ Цвик В. Л„ Юровский А. Я. Телевизионная журналистика. М., 2005; Лукина М. М. Интернет-СМИ. Теория, история, практика. М., 2010; Мартынов Д. В„ ОсъкинА. В. Интернет и пресса. М., 2010; Шепилова Г. Реклама в СМИ. История, технология, классификация. М., 2010; Солганик Г. Язык СМИ и политика. М., 2012. С. Толвгонова.