«МАРСЕЛЬЁЗА»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

«МАРСЕЛЬЁЗА» (фр. La Marseillaise) - француздук революциялык ыр; Франциянын мамлекеттик гимни. Сөзүн жана музыкасын 1972-жылы (Страсбургда) К. Ж. Руже де Лиль жазган. Алгач «М.» «Рейн армиясынын аскердик ыры» болгон. Ыр респ­канын аскер бөлүктөрүнө тез тарап, Марсел­де «Марселдиктер маршы» же «М.» деген ат менен жайылып, Парижге жеткен. Экинчи импе­рия доорунда ырдоого тыюу салынган. «М.» Франциядагы Үчүнчү респ-канын мамлекеттик гимни катары 1887-жылы расмий бекитилген. Россияда 19-к-дын 80-90-жылдарында «М-нын» обону менен ырдалган «Жумушчу марсельезасы» деген ыр жумушчу жана интеллигенция арасына тара­ган. Анын сөзүн А. Л. Лавров жазган (1875-жылы «Вперед» газетасына басылган; № 12). Кыргыз тилине 1975-жылы (А. Ашыров) которулган.