МАРГАНЕЦ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска

МАРГАНЕЦ (латынча Мапеапшп), Mn - Элемент­тердин мезгилдик системасынын VII тобунан орун алган химиялык элемент. Катар номери 25, атомдук массасы 54, 938, туруктуу бир изотобу 55Mn белгилүү. Жер кыртышында массасы боюнча 9·10-2% ин түзөт. Та­биятта эркин абалында кездешпейт. М. - күмүш түспөл ак, оор, морт металл, тыгызд. 7,4 г/см3, балкып эрүү 1 1245°С; кайноо I 2150°С; ат. радиусу 1,30°С; Бирикмелеринде 2ден 7ге чейинки ва­ленттүүлүктү көрсөтөт. Туруктуу окистенүү да­ражасы +2, +4 жана +7. Башкача айтканда бирикмелеринде анын окистенүү даражасынын өсүшү менен кислота­лык касиети күчөйт. М. абада окистенип, жука оксид кабыгы менен капталат. Жогорку температурада кычкылтек менен күчтүү аракеттенип, МпО, Мп2О3, Мп2О7 жана МпО'Мп2Оэ оксиддеринин аралашма­сын, галогендер менен галогениддерди, кукүрт менен сульфиддерди MnS, MnS2, азот менен нитридди Mn3N2 ж. б. бирикмелерди пайда кылат. MnO - бозомук-жашыл түстөгү күкүм, сууда, жегичтерде эрибейт, кислоталарда эрийт. Гидрооксиддери: Mn(OH)2 сууда эрибеген ак түстөгү зат, Mn(OH)4 - кочкул-күрөң түстөгү заттар, экөө тең сууда эри­бейт, амфотердүү начар кислоталык касиетке ээ. MnO2 - кара күрөң түстөгү зат. MnCl2 - кездеме боёчу күрөң боёк катары, MnS цинк сульфиди ZnS менен аралаштырганда караңгыда жарык берүүчү люминофорлорду жасоодо, нитраты Mn(NO3)2 фарфор боёкторун алууда колдону­латынча М. өнөр жайда MnSO4тү суу эритмесине (NH4)2SO4тү кошуп электролиздөө, М. галонид­дерин калыбына келтирүү, алюминотермия жана электр термия жолдору менен алынат. Неги­зинен кара металлургияда, чоюн өндүрүүдө чоюн­дун балкып эрүү температурасын төмөндөтүүдө жана күкүрт­төн арылтууда колдонулат. М. кошулган болот сүрүлүүгө туруктуу болуп, т. ж. рельстерин, таш майдалоочу машиналардын жана аскердик танк тетиктерин жасоодо колдонулат. Эгерде М. баш­ка түстүү металлдарга кошулса, алардын куймаларынын катуулугу жогорулайт. М. ко­шулган айнек кызыл түскө ээ. Металлдарды коррозиядан сактоо үчүн Mn менен гальваника­лык каптоо жүргүзүлөт. М-тин бирикмелери гальваникалык элементтерди алууда, айнек, карапа жана полиграфия ө. ж-нда, а. ч-да, меди­цинада пайдаланылат. М. - өсүмдүк менен

жа­ныбардын тиричилигине өтө зарыл микро­элемент.