МАОКЕ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (6 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска
МАОКЕ, Карлуу тоолор Жаңы Гвинеянын батышында, негизинен Индонезиянын аймагында. Узундугу 700 км, туурасы 150 км. Бийиктиги 4000-4500 м, эң бийик жери - Жая чокусу (бийикт 5030 м-, Индонезиянын эң бийик жери). Батыштан чыгышка созулган Судирман жана Жаявижая кырка тоолорун да камтыйт. Гранит, гнейс, чет жакалары кумдук, акиташ теги, сланецтен турат. Тоонун 700 м бийиктигине чейин нымдуу тропик токою, андан жогору дайыма жашыл бук жана ийне жалбырактуу токой жана шалбаа кездешет. Кар, мөңгү бар. М. тоосунун аймагында Лоренц улуттук паркынын бир азы (аянты 2,5 миллион га, Түштүк-Чыгыш Азиянын аймагындагы эң ири коргоого алынган аймак) жайгашкан. Ал Бртгкул дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.