МАНУЙЛОВА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(6 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска

МАНУЙЛОВА Ольга Максимилиановна (30. 10. 1893, Нижний Новгород ш. - 26. 1. 1984, Фрун­зе) - скульптор, Кыргыз ССР эл сүрөтчүсү (1954). 1911-жылы Самарканд гимназиясын (алтын медаль менен) жана Ташкен балдар гим­назиясын бүтүрүп, 1912-жылы Мюнхенде (Германия) атак­туу скульпторлордун, искусство таануучулардын лекциясын уккан. 1913-16-жылы Москва живопись, ийчилик жана зодчийлик окуу жайынын скульптура бөлүмүндө оку­ган. 1920-жылдан Ташкент сүрөт окуу жайынын оку­туучусу. 1928-жылдан Ле­нинграддагы Борбордук аскер-деңиз жана революция музей­леринин кызматкери. 1934-жылдан Кыргызстанда иштеген. М. - көптөгөн эстеликтердин, миниа­тюралардын автору. Негизги чыгармалары: «Со­веттик Конституция» (Конституциялык соттун

имаратынын бетиндеги барельеф фризи, цемент,

О. Мануйлова. М. Күрөнкөевдин эстелиги. 1948. Биш­кек.

1940), И. В. Панфиловдун эстелиги (гранит, бе­тон, 1942. Атап Айтканда Мануйлов менен бирге), «Чоң Чүй каналын куруучулар» (гипс, 1942), М. Күрөң­көевдин портрети (гипс, 1948), Тоголок Молдо­го эстелик (гранит, 1963), Кыргыз опера жана балет театрындагы жасалга скульптура тобу (1952-55), С. Кийизбаеванын портрети (1952) ж. б. Медаль менен сыйланган.