МАНАСТЫН КҮМБӨЗҮ - О: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАНАСТЫН КҮМБӨЗҮ - О. кылымга (14-кылым) таандык архитектуралык эстелик. Талас суусунун түндүгүндөгү Кеңкол өрөөнүнүн чыга беришинде жайгашкан жана ушул кезге чейин сакталган. Бышырылган кыштан салынган күмбөз эл ичин­де жана илимий адабиятта «М. к.» деген ат менен белгилүү. 1893-жылы академик В. В. Бартольддун О. Азияга жасаган илимий саякаты жана 1895-жылы Ташкент шаарындагы археологдордун Түркстан ийриминин уюштурулушу М. к-нүн илимий негизде изилдени­шине өбөлгө түзгөн. Ошол жылдары В. В. Бар­тольд тарабынан М. к-нүн абалы, негизги арх­ралык мүнөздөмөлөрү кагазга түшүрүлүп, ченөө иштери аткарылган. М. к-нүн бетиндеги арабча жазуу 1899-жылы В. В. Бартольд, кийинчерээк А. М. Беленицкий тарабынан окулган. Натый­жада «М. к.» деген эстелик чагатай эмири Абука­нын кызы Кенизек-Хатундун (1334-жылы 6-майда, жума күнү өлгөн) урматына тургузулгандыгы маалым болгон. 1923-жылы мамлекет тарабынан коргоого алынган. М. к-н 1938-жылы А. Н. Бернш­там жетектеген илимий экспедиция изилдеген. Анда табылган эки жыгач табыттын биринде орто жаш эркектин сөөгү коюлгандыгы аныктал­ган. 1945-жылы күмбөздү М. А. Пугаченкова менен М. Е. Массон изилдеп, сфера формалуу кумпа үстүндө төмөндөн жогору карай кууш тартып, учу чуштуйган чатырлуу кумпа (там чамгарак) болгон деген ой айтышкан. Мындай эстелик­тер Түндүк Түркстанда ал кезде кеңири тараган. 1968-жылы реставрация жүргүзүү учурунда бийиктиги 56 см, диаметри 64 см «куба» табылып, чатыр-

луу кумпа идеясы далилденген. Төрт чарчы има­раттын (ичи 4,38x4,48 м) бийиктиги 11 м, фасад­дарынын ар биринин бийиктиги 7 м. М. к. пира­мида (күмбөздүн негизги, биринчи көлөмү) түрүн­дөгү төрт бурчтуктун үстүнө орнотулган 16 кыр­дуу чатырынын (экинчи көлөмү) жана бет маң­дайы оймо-чийме терракота менен кооздолгон не­гизги фасадынын (үчүнчү көлөмү) пропорциялуу жасалышы менен монументтүү көрүнөт. Төрт бурч­тук жана анын порталы жогорулаган сайын ич­керет да, ушул себептен чатырдын кылда чоку­су «куба» күмбөздүн бүткөн чекити өңдүү жал­пы гармонияны байытат. Күмбөздүн негизги пропорцияны түзүүчү бөлүктөрүнүн катышы так, порталындагы жыш орнамент жана террако­талык оймо жергиликтүү элдин кол өнөрүнүн табигый өзгөчүлүгу менен байланыштуулугун билдирет. М. к. көчмөн кыргыздардын чөйрөсүнө мусул­манчылык кире баштаган мезгилде, ыйык адам­дын мүрзөсү эмес, кудайдын жердеги күчүн да­ңазалаган храм катары курулган. Ошондуктан күмбөз жергиликтүү эл үчүн зыярат жайы да болуп кел­генетикалык 1968-жылы күмбөз толук реставрацияланган.

Ад.: Бернштам А. Н. Мазар Манаса. Ф., 1945; БернштамА. Н. Архитектурные памятники Киргизии. М.; Л., 1950; Массон М. Е., Пугаченкова Г.А. Кумбез Манаса. М., 1950; Помаскин Б. В. Гумбез Манаса. Ф., 1972.