МАМЛЕКЕТТИК ЗАЙЫМ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМЛЕКЕТТИК ЗАЙЫМ - мамлекет тарабынан алынган кредиттин формасы; мында мамлекет карызга алган акчалай каражат үчүн төлөмөр болот. Бул мамлекеттик киреше алуунун маанилүү ыкмасы, бирок ошол эле учурда ал мамлекеттик карыздын түзүлүшүнө алып келет. Өлкөнүн каражаты тартыш учурда чыгымдарды жабуу жана иш-чараларды өткөзүү үчүн мамлекет жеке же юридикалык жактардан карыз (зайым) алат. М. з. аны алган тараптан карызды акчалай ж. б. баалуулуктар менен жабууну талап кылуу укугу менен мамлекеттик облигациялар ж. б. баалуу кагаздардын эмиссиясы түрүндө калк арасында жазылуу аркылуу таратылат. Банктарда же аманат кассаларында сатылат. М. з. өнүккөн өлкөлөрдө карыз алуунун негизги формасы катары эсептелинет. Аларда пайдалуу шартта финансы ресурстарын тартуунун жогорку кредит рейтинги болот. М. з. аркылуу басылып чыккан баалуу кагаз (облигация) ээлери (өлкөгө зайым бергендер) келишимде каралган мөөнөт боюнча белгиленген проценттин негизинде киреше алышат.