МАМБЕТКАЛИЕВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМБЕТКАЛИЕВ Султан [18. 8. 1942, Фрунзе (азыркы Чүй) обл., Чүй району, Кегети айылы - 11. 2. 2014, Бишкек] - филолог, КР билим берүүсүнүн эмг. сиң. кызматкери (2002), КРдин эл мугалими (2011). КМУнун филология факультетин бүтүрүп (1968), ошол эле

университетте окутуучу (1968), окуу бөлүм башчысынын орун басары (1974), доцент, КМУнун студенттик профсоюз комитетинин төрагасы (1979), Чүй университетинин негиздөөчүсү, ректору, 1991-2014-жылы президенти болуп иштеген. Өзүн-өзү финансылоочу окуу жайлар ассоциациясынын уюштуруучусу (1995), президенти (1999), 1997-жылдан Эл аралык Кадрлар академиясынын академиги (Киев) жана анын Азия боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, Эл аралык Түрк академиясынын академиги (Москва), КРдин Туризм академиясынын профессор (1998), КР ректорлор союзунун вице-президенти (1999), КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү тармагында кызматташуу боюнча КР ведомстволор аралык координациялык кенешинин мүчөсү (2000), Чүй районундагы өкмөттүк эмес уюмдар ассоциациясынын камкорчулар кеңешинин төрагасы (2006). М. Чүй университетинин алдындагы Бишкек, Кара-Балта, Чолпон-Ата коллеждерин, ошондой эле университеттин базасында үч башталгыч окуу борборун ачкан. 12 методикалык окуу китептин, бОтан ашык илимий эмгектин автору.