МАМБЕТАЛИЕВ Кубан Ильясович: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМБЕТАЛИЕВ Кубан Ильясович [8. 1. 1953- жылы туулган, Фрунзе (азыркы Чүй) обл., Кемин району, Быстровка

шаарчасы (азыркы Кемин ш.)] - адабиятчы, журналист, доцент (1987), филология илимдеринин доктору (2012). 1978-жылы Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтун, 1984-жылы КМУнун (азыр КУУ) аспирантурасын бүтүргөн. 1984-92-жылы Пржевальск педагогикалык институтунда (азыр Ысык-Көл университети), Фрунзедеги Орус тили жана адабияты педагогикалык институтунда (азыр БГУ), КМУда окутуучу, доцент, кафедра башчысы, сырттан окуу боюнча проректор, 1992-95-жылы КР УИАнын Тил жана адабият институтунда (азыр. Ч. Айтматов атындагы) окумуштуу катчы, улук илимий кызматкер, 1995-98-жылы «Столица» гезитинин башкы редактору, 1998-2006-жылы «Журналисттер» коомдук бирйкмесинин жетекчиси, 2006-2010-жылы КРдин Улуу Британиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси. М. - «Исповедь публициста» (1994), «Итоги демократии» (1994), «Свобода от страха» (2006) деген орус тилиндеги публицистикалык жыйнактардын автору.
Эмг.: Русско-кыргызские литературные связи. Б., 1991; Сатира и юмор в кыргызской литературе. Б., 2011.