МАЛИКОВ Кубанычбек Иманалиевич: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАЛИКОВ Кубанычбек Иманалиевич [3(16). 9. 1911, Чүй өрөөнү, азыркы Ысык-Ата району, ҮчЭмчек айылы - 9. 12. 1978, Фрунзе)] - акын, кыргыз

адабиятына негиз салгандардын бири, Кыргыз ССРинин эл акыны (1969), Кыргыз ССР искусствосуна эмг. сиң. ишмер (1947). 1926-жылы «Эркин Тоо» гезитине Фрунзе округун тейлөө боюнча кабарчы болгон. 1932-жылы Фрунзе кыргыз педтехникумун бүткөндөн кийин, 1932-33-жылы «Ленинчил жаш» гезитинин редакторуна орун басар, 1934-жылы «Кызыл Кыргызстан» гезитинин жооптуу секретары, 1937-40-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунун секретары, 1940-41-жылы Кыргыз ССР ЭКСтин илим комитетинин кызматкери, 1941- 42-жылы Кыргыз ССР ЭКСтин Искусство башкармасынын башкы реперткомунун начальниги, 1942-жылы Ворошилов ГЭСиндеги жумушчулар колоннасынын комиссары, 1943-44-жылы Кыргыз мамлекеттик драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы, 1944-46-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин искусство иштери боюнча башкармасынын начальниги, 1947-49-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармасынын председателине орун басар жана «Советтик Кыргызстан» журналынын редактору, 1951-53-жылы Кыргызмамл. драматеатрынын директору, 1953-жылы Кыргыз мамлекеттик басмасынын редактору, 1954-59-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунун жооптуу секретары, 1959-73-жылы улук консультанты болуп иштеген. М-дун чыглыгы пеДтехникумда окуп жүргөн мезгилде эле башталган. Ал «Кызыл учкун» ийримине активдүү катышкан. «Жазгы талаа» деген туңгуч ыры 1928-жылы «Эркин Тоо» гезитине жарыяланган. Туңгуч драмалык чыгармаларынан «Теңдик курманы» аттуу пьесасы 1931-жылы өзүнчө китеп болуп чыккан. 1935-жылы жарык көргөн «Театрдык ырлар» жыйнагы менен М. кыргыз эстрадасын калыптандырууга чоң салым кошкон. 30-жылдары М. негизинен поэзия, проза жанрында эмгектенип, «Сапардын сүйүү сырлары», «Сөөлөт курмандары», «Жапар менен Шарипа» поэмаларын, «Кубанычбектин ырлары» (1938), «Жаңы ырлар» (1939) ыр жыйнактарын, «Ачылган айып» (1933), «КызылАлай» (1934), «Саралакозу» (1935), «Азаматтар» (1938) сыяктуу повесть, аңгемелерди жараткан. Кыргыз элинин адабий мурастарын изилдеп, жайылтууга зор салым кошкон. Кыргыздын улуттук туңгуч «Айчүрөк» операсынын либреттосун (Ж. Турусбеков, Ж. Бөкөнбаев менен бирдикте) жазган. Улуу Ата Мекендик согуш алдында «Сейтек» операсынын либреттосун жазып бүтүргөн. 1940- 45-жылы «Манас» сериясы деген ат менен түрдүү эпизоддор боюнча жарык көргөн китепчелердин катарында М-дун мектеп жашындагы балдарга арналган «Манастагы элестер» (1941) аттуу китеби бар. «Манастын» төрт томдук курама вариантынын 1-, 2-китептерин («Манас» бөлүгүн) басмага даярдаган, ошондой эле «Манаска» байланыштуу көптөгөн макалалардын автору. Анын «Канга-кан» (1942), «Чүй каналы боюнда» (1942), «Ала-тоолук курдаштар» (1945), «Ырлар» (1947), «Достук жана Махабат» (1949), «Биздин жер» (1950) ыр жыйнактары бар. «Кадыр аке» (1952), «Ырлар» (1953), «Тоодогуот», (1957), «Көлжээгинде кездешүү» (1961), «Эртеңкини ойлонуу» (1964), «Аскадагы үн» (1966), «Алтын жип» (1970) сыяктуу ырлар жана поэмалар жыйнактарында доордун жүзүн, замандаштарынын дүйнөсүн, эмгекти, ошол учурдун талылуу маселелерин чагылдырган. М. кыргыздын улуттук театр искусствосу менен драматургиясын өнүктүрүүгө да чоң салым кошкон. Айрыкча кыргыз драматургиясынын тематикалык-идеялык диапазонун кеңейтүүдө анын драмалык чыгармалары чоң роль ойногон. М. 50-жылдардын башында А. Куттубаев менен бирдикте «Биз баягы эмеспиз» пьесасын жазган. Мында колхоздорду ирилештирүүдөн кийин а. ч-нда жана адамдардын аңсезиминде болгон өзгөрүштөр көрсөтүлгөн. Кыргыз искусствосу менен адабиятынын Москвада өткөн 2-он күндүгүнө (1958) карата «Токтогул» операсынын либреттосун кайрадан иштеп чыккан. «Бийик жерде» (1936-58; Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы, 1978), «Бир көчөнүн кыздары» (1960), «Адылдын иши» (1959-60), «Айланган тоонун бүркүтү» (1964-65), «Осмонкул» (1969) сыяктуу пьесалары бар. М. адабият сынында, мемуар жана проза жанрларында да ийгиликтүү эмгектенген. 1977-жылы «Азаматтар» повестинин жаңы редакциясы, 1964-жылы «Замандаштарым жана каламдаштарым» мемуардык китеби жарыкка чыккан. Пушкин, Лермонтов,
Некрасов, Маяковский, Шевченконун чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Чыгармалары чет элдердин тилине которулган. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, 3 «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Чыг.: Чыгармаларынын эки томдук жыйнагы, 1- 2-том. Ф., 1971; Замандаштарым жана каламдаштарым/Макалалар, эскерүүлөр. Ф., 1985; Балбай/Поэмалар жана ырлар. Б., 1991.
Ад.: Керимжанова Б. Кубанычбек Маликов//Кыргыз совет адабият тарыхынын очерки. Ф., 1960; Абдраимов Ж. Чыгармаларга ойлор. Ф., 1967; Артыкбаев К. Маликовдун чыгармачылыгындагы урунттуу маселелер//Чыгармалар жана ойлор. Ф., 1974.
И. Жумабаев.