МАЛАЙЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАЛАЙЛАР, оранг мелаю (өздөрүн «Мелаю өлкөсүнүн адамдары» деп аташат) - Түштүк-Чыгыш Азиядагы элдердин тобу. Малай­зия (14 миллион), Сингапур (400 миң), Индонезия (19 миллион), Тайланд (2,5 миллион) жана Бруней (200 миң), ТАР (200 миң), Шри-Ланка (40000), Кокос а-нда (1 миң), Рождества а-нда (10 миң), ошондой эле Филиппин (180 миң), Түндүк Америка, Ба-

Малайлык музыканттар үйлөнүү тоюнда. Сингапур.

тыш Европа жана Жакынкы Чыгыш ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны 40 миллион киши (2009). Малай тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери - мусулман-сунниттер. М. дыйканчылык жана ба­лык уулоочулук менен кесиптенишип, бамбуктан салынган үйлөрдө жашашкан. М-дын илгертен колдонмо өнөрү (кооздук буюмдар, батик жа­соо ж. б.) кеңири өнүккөн. Улуттук тамак-ашы - негизинен күрүч, эт, балык азыктары.