МАТЕМАТИКАЛЫК СТАТИСТИКА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАТЕМАТИКАЛЫК СТАТИСТИКА - математиканын бир бөлүмү; анда илимий жана практикалык корутунду чыгаруу үчүн статистикалык маалыматтарды системага салуу, иштеп чыгуу жана пайдалануунун математикалык методдору каралат. Мында статистикалык маалыматтар - кандайдыр бир белгилер боюнча айырмаланган объектилердин ж. б. саны жөнүндөгү билдирүүлөр. Статистикалык
маалыматтарга таянып жүргүзүлгөн изилдөө методу статистикалык метод деп аталат. Бул метод илимдин социол.-экономикалык статистика, статистикалык физика, жылдыз астрономиясы, кибернетиканын теориялык жана практикалык маселелерин чечүү ж. б. ар кандай тармактарында колдонулат. Ыктымалдык теориясына негизделген тандоо методу М. с-да кеңири пайдаланылатынча М. с. параметрлердин бөлүнүшүн статистикалык чамалоодо жана статистикалык гипотезаларды текшерүүдө да пайдаланылат.