МАССАНЫН САКТАЛУУ ЗАКОНУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАССАНЫН САКТАЛУУ ЗАКОНУ — химиялык реакцияга катышкан заттардын массасы реакциянын натыйжасында пайда болгон продуктулардын массасына барабар экендигин көрсөткөн закон. М. В. Ломоносов ачкан (1756). Бул закон химиялык реакциянын жүрүшүндө реакцияга кирген атомдордун саны өзгөрбөйт деген жалпы эрежеге негизделген. Мисалы, суунун 1 молунун массасы 18 гга барабар. Эгерде аны ажыратсак, ал 2 г суутек жана 16 г кычкылтекке ажырайт, башкача айтканда 1 молъ Н2О ->1 моль Н2 + + 1/2 молъ О2 же 18 г Н2О—>2 г Н2+16 г О2. Бул закон биринчилерден болуп ачылган химиянын фундаменталдык закону болуп эсептелет.