«МАНХЭТТЕН ДОЛБООРУ»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

«МАНХЭТТЕН ДОЛБООРУ» - АКШда ядролук куралдарды жасоо боюнча программанын шарттуу

аталышы. АКШ 1945-жылы 16-июлда Нью-Мекси­ко штатында, Аламогордо полигонунда ядро­лук сыноолорду жүргүзгөн. М. д-на АКШ, Улуу Британия, Германия жана Канада мамлекетте­ринин окумуштуулары катышкан. Натыйжада 3 атомдук бомба жасалган: плутоний бомбасы «Тринити» (1945-жылы 16-июлда Нью-Мексико шта­тында биринчи ядролук сыноодо жардырылган), уран бомбасы «Малыш» (1945-жылы 6-августта Хи­росимага ташталган) жана плутоний бомбасы «Толстяк» (1945-жылы 9-августта Нагасакиге таш­талган). Долбоорду америкалык физик Роберт Оппен­геймер жана генерал Лесли Гровс жетектеген. Дол­боор негизинен Оук Риджде (Теннеси штаты), Лос-Аламосто (Нью-Мексико штаты), ошондой эле Чикаго, Калифорния жана Колумбия университеттерин­де иштелген.

А. Матанова.