МАНСУР ХАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАНСУР ХАН (1484/85-1544) - Моголстан ханы. Султан Ахмед (Алача) хандын тун уулу. 1504-жылы чейин Моголстанды (Жети-Суу аймагын) бийлеп турган. Султан Ахмед хан (1487-1504) өлгөн сон, атасынан мураска калган хан так­тысына отурган. Бирок бир туугандарынын ор­тосунда бийлик талашкан жаңжалдар келип чыккан. М. X. инилери Султан Саидди жана Сул­тан Халилди куугунтуктаган. Алар Жети-Суу­га кыргыздарга качып келишкен. 1504-жылы кыр­гыздар Султан Халилди өздөрүнүн өкүмдары деп жарыялашкан. М. X. 1508-жылы Иле д-на куйган Чарын жана Чилик сууларынын аралыгынан кыргыздарга, Султан Саид менен Султан Халилге сокку урган. Кыргыздардын басымдуу бөлүгүн Турпанга көчүргөн. М. X. ошондой эле калмак­таргакаршы, 1513-жылы Кытайга жүрүштөрдү уюш­туруп, Улуу Кытай дубалына чейин жеткен. Би­рок 1514-жылы Моголстандагы Арыш деген жер­ден өзбек-казактардын колунан женилген.

Ад.: Петров К. И. К истории движения киргизов на Тянь-Шань и их взаимоотношений с ойратами в ХШ-ХҮ вв. Ф., 1961; Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. А., 1999,

Т. Асанов.