БИШКЕК 1: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Белги: Жаңы багыттама
 
No edit summary
 
(4 intermediate revisions by 4 users not shown)
1-сап: 1-сап:
#REDIRECT [[БИШКЕК (бээ сүтүн бышкыч курал)]]
''' БИШКЕК'''  – сабаадагы бээнин сүтүн бышуу үчүн жасалган курал. Сабанын чоӊдугуна жараша (узундугу 1,5–2 ''м'') жумуру жыгачтын учуна (узундугу 12–15 ''см'', туурасы 8–10 ''см,'' калыӊдыгы 5–7 ''см'') жалпак ж<font color='green'>ы</font>гачтын ичин (2–4 ''см'') чуӊкурайта оюп, анын так ортосуна сап учу ашталат. Көрөӊгө кымызга бээнин жаӊы саалган сүтүн куюп, бишкек менен көпкө бышылат. ''Кымыз'' канчалык көп бышылса, ал ошончолук жагымдуу болуп, күчтүү ачыйт. Бишкек көбүнчө арчадан, айрым учурда четин, кайыӊ, талдан жасалат.
[[Category: 2-том]]

13 май 2026, саат 07:08 учурдагы соңку нуска

БИШКЕК – сабаадагы бээнин сүтүн бышуу үчүн жасалган курал. Сабанын чоӊдугуна жараша (узундугу 1,5–2 м) жумуру жыгачтын учуна (узундугу 12–15 см, туурасы 8–10 см, калыӊдыгы 5–7 см) жалпак жыгачтын ичин (2–4 см) чуӊкурайта оюп, анын так ортосуна сап учу ашталат. Көрөӊгө кымызга бээнин жаӊы саалган сүтүн куюп, бишкек менен көпкө бышылат. Кымыз канчалык көп бышылса, ал ошончолук жагымдуу болуп, күчтүү ачыйт. Бишкек көбүнчө арчадан, айрым учурда четин, кайыӊ, талдан жасалат.