МАНДЕЛА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАНДЕЛА Нельсон Ролихлахла (18. 7. 1918- жылы туулган, ТАР, Умтатага жакын, Куну кыш. - 5. 12. 2013, Йоханнесбург) - африкалык мамлекеттик жана саясий ишмер, ТАРдын 9-президенти (1994- 99). Нобель сыйлыгы лауреаты (1993). 1942-жылы Түштүк-Афри­ка университетин бүткөн. 1944-жылы Африка улуттук конгресси­нин (АУК) жаштар лигасын түзүүгө катышып, 1951-жыл­дан анын президенттигине шайланган. 1950-жылдары апартхейд саясатына кар­шы күрөшкөн. 1955-жылы Түштүк Африка элдеринин конгрес­син уюштурган. 1964-жылы

бийликке каршы саботаждарды жүргүзгөндүгү үчүн камакка алынып, Роббен Айленд а-на ай­далып, түрмөгө кесилген. 1990-жылы АУК легал­ДУУ уюмга айланып, М. эркиндикке чыккан. 1991-жылдан АУКтун президенти. 1994-жылы жал­пы элдик шайлоодо ТАРдын президенти болуп шайланган. 1996-жылы М-нын жетекчилиги менен Тардын конституциясы кабыл алынып, бардык түштүк африкалыктар тең укукка ээ болгон. М. эл аралык 50 университеттин ардактуу мүчөсү.