МАНДАРИН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАНДАРИН (Манбаппе) - руталар тукумунун цитрус уруусундагы дайыма жашыл субтропиктик өсүмдүк;—М-дин 1 (башка маалымат боюнча 13) түрү бар. Көп эгилген түрлөрү: уншиу, понкан, танжерин, италян, кинг, кино-куни. Жапайы түрү белгисиз. Негизинен Японияда, Кытайда, Түштүк Европа жана Түштүк Америкада, КМШ өлкөлөрүнөн негизинен Грузияда, Азербайжанда өстүрүлөт. Көбүнчө уншиу М-и (С. ипзИш) көп тараган. Бийиктиги 3 м (20-25 жылдык дарагыныкы), шактуу, тикенсиз. Жалбырагы чоң, калың, сүйрү. Гүлү чоң, кош жыныстуу. Мөмөсү (салмагы 60—80 г) көбүнчө уруксуз, кабыгы саргыч кызыл, оңой аарчылат. Сулпу кызгылт сары, ширелүү, 8-10 бөлүктөн турат. Маңызында 2,87-10,5% кант, 0,95-1% мг кислота (негизинен лимон кислотасы), 23-55% мг С витамини ж. б. бар. Мөмөсү желет жана андан кыям, компот даярдалат. Кабыгында пектин заттары, эфир майы менен гликозиддер арбын болуп, тамак-аш жана парфюмерия ө. ж-нда, эфир майын алууда пайдаланылат. М-дин бардык түрүнөн уншиум М-и суукка байымдуу (жалбырагын -6,5°С темпрада үшүк урат). Акиташтуу, чириндилүү топуракта жакшы өсөт. Бир га жердеги 10-12 жылдык дарактарынан 50 тга чейин түшүм алынат.