МАНАСТЫН КҮМБӨЗҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (Lera «МАНАСТЫН КҮМБӨЗҮ - О» барагын «МАНАСТЫН КҮМБӨЗҮ» деп кайра атады) |

| (10 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
МАНАСТЫН КҮМБӨЗҮ - | МАНАСТЫН КҮМБӨЗҮ - Орто кылымга (XIV кылым) таандык архитектуралык эстелик. Талас суусунун түндүгүндөгү Кеңкол өрөөнүнүн чыга беришинде жайгашкан жана ушул кезге чейин сакталган. Бышырылган кыштан салынган күмбөз эл ичинде жана илимий адабиятта «Манастын күмбөзү» деген ат менен белгилүү. 1893-жылы академик В. В. Бартольддун Орто Азияга жасаган илимий саякаты жана 1895-жылы Ташкент шаарындагы археологдордун Түркстан ийриминин уюштурулушу Манастын күмбөзүнүн илимий негизде изилденишине өбөлгө түзгөн. Ошол жылдары | ||
В. В. Бартольд тарабынан Манастын күмбөзүнүн абалы, негизги архитектуралык мүнөздөмөлөрү кагазга түшүрүлүп, ченөө иштери аткарылган. Манастын күмбөзүнүн бетиндеги арабча жазуу 1899-жылы В. В. Бартольд, кийинчерээк А. М. Беленицкий тарабынан окулган. Натыйжада «Манастын күмбөзү» деген эстелик чагатай эмири Абуканын кызы Кенизек-Хатундун (1334-жылы 6-майда, жума күнү өлгөн) урматына тургузулгандыгы маалым болгон. 1923-жылы мамлекет тарабынан коргоого алынган. Манастын күмбөзүн 1938-жылы А. Н. Бернштам жетектеген илимий экспедиция изилдеген. Анда табылган эки жыгач табыттын биринде орто жаш эркектин сөөгү коюлгандыгы аныкталган. 1945-жылы күмбөздү М. А. Пугаченкова менен М. Е. Массон изилдеп, сфера формалуу кумпа үстүндө төмөндөн жогору карай кууш тартып, учу чуштуйган чатырлуу кумпа (там чамгарак) болгон деген ой айтышкан. Мындай эстеликтер Түндүк Түркстанда ал кезде кеңири тараган. 1968-жылы оңдоп-түзөөлөр жүргүзүү учурунда бийиктиги 56 см, диаметри 64 см «куба» табылып, чатырлуу кумпа идеясы далилденген. | |||

[[File:МАНАСТЫН_КҮМБӨЗҮ_-_О_1.jpg|thumb]]

[[File:МАНАСТЫН_КҮМБӨЗҮ_-_О_1.jpg|thumb]]

Төрт чарчы имараттын (ичи 4,38x4,48 м) бийиктиги 11 м, фасаддарынын ар биринин бийиктиги 7 м. Манастын күмбөзү пирамида (күмбөздүн негизги, биринчи көлөмү) түрүндөгү төрт бурчтуктун үстүнө орнотулган 16 кырдуу чатырынын (экинчи көлөмү) жана бет маңдайы оймо-чийме терракота менен кооздолгон негизги фасадынын (үчүнчү көлөмү) пропорциялуу жасалышы менен монументтүү көрүнөт. Төрт бурчтук жана анын порталы жогорулаган сайын ичкерет да, ушул себептен чатырдын кылда чокусу «куба» күмбөздүн бүткөн чекити өңдүү жалпы гармонияны байытат. Күмбөздүн негизги пропорцияны түзүүчү бөлүктөрүнүн катышы так, порталындагы жыш орнамент жана терракоталык оймо жергиликтүү элдин кол өнөрүнүн табигый өзгөчүлүгу менен байланыштуулугун билдирет. Манастын күмбөзү көчмөн кыргыздардын чөйрөсүнө мусулманчылык кире баштаган мезгилде, ыйык адамдын мүрзөсү эмес, кудайдын жердеги күчүн даңазалаган храм катары курулган. Ошондуктан күмбөз жергиликтүү эл үчүн зыярат жайы да болуп келген. 1968-жылы күмбөз толук кайрадан оңдоп-түзөтүлгөн. | |||

Ад.: Бернштам А. Н. Мазар Манаса. Ф., 1945; БернштамА. Н. Архитектурные памятники Киргизии. М.; Л., 1950; Массон М. Е., Пугаченкова Г.А. Кумбез Манаса. М., 1950; Помаскин Б. В. Гумбез Манаса. Ф., 1972.

Ад.: Бернштам А. Н. Мазар Манаса. Ф., 1945; БернштамА. Н. Архитектурные памятники Киргизии. М.; Л., 1950; Массон М. Е., Пугаченкова Г.А. Кумбез Манаса. М., 1950; Помаскин Б. В. Гумбез Манаса. Ф., 1972.

[[Category:5-том,_201-300_бб]] | [[Category:5-том,_201-300_бб]] | ||
23 ноябрь 2026, саат 07:26 учурдагы соңку нуска
МАНАСТЫН КҮМБӨЗҮ - Орто кылымга (XIV кылым) таандык архитектуралык эстелик. Талас суусунун түндүгүндөгү Кеңкол өрөөнүнүн чыга беришинде жайгашкан жана ушул кезге чейин сакталган. Бышырылган кыштан салынган күмбөз эл ичинде жана илимий адабиятта «Манастын күмбөзү» деген ат менен белгилүү. 1893-жылы академик В. В. Бартольддун Орто Азияга жасаган илимий саякаты жана 1895-жылы Ташкент шаарындагы археологдордун Түркстан ийриминин уюштурулушу Манастын күмбөзүнүн илимий негизде изилденишине өбөлгө түзгөн. Ошол жылдары
В. В. Бартольд тарабынан Манастын күмбөзүнүн абалы, негизги архитектуралык мүнөздөмөлөрү кагазга түшүрүлүп, ченөө иштери аткарылган. Манастын күмбөзүнүн бетиндеги арабча жазуу 1899-жылы В. В. Бартольд, кийинчерээк А. М. Беленицкий тарабынан окулган. Натыйжада «Манастын күмбөзү» деген эстелик чагатай эмири Абуканын кызы Кенизек-Хатундун (1334-жылы 6-майда, жума күнү өлгөн) урматына тургузулгандыгы маалым болгон. 1923-жылы мамлекет тарабынан коргоого алынган. Манастын күмбөзүн 1938-жылы А. Н. Бернштам жетектеген илимий экспедиция изилдеген. Анда табылган эки жыгач табыттын биринде орто жаш эркектин сөөгү коюлгандыгы аныкталган. 1945-жылы күмбөздү М. А. Пугаченкова менен М. Е. Массон изилдеп, сфера формалуу кумпа үстүндө төмөндөн жогору карай кууш тартып, учу чуштуйган чатырлуу кумпа (там чамгарак) болгон деген ой айтышкан. Мындай эстеликтер Түндүк Түркстанда ал кезде кеңири тараган. 1968-жылы оңдоп-түзөөлөр жүргүзүү учурунда бийиктиги 56 см, диаметри 64 см «куба» табылып, чатырлуу кумпа идеясы далилденген.

Төрт чарчы имараттын (ичи 4,38x4,48 м) бийиктиги 11 м, фасаддарынын ар биринин бийиктиги 7 м. Манастын күмбөзү пирамида (күмбөздүн негизги, биринчи көлөмү) түрүндөгү төрт бурчтуктун үстүнө орнотулган 16 кырдуу чатырынын (экинчи көлөмү) жана бет маңдайы оймо-чийме терракота менен кооздолгон негизги фасадынын (үчүнчү көлөмү) пропорциялуу жасалышы менен монументтүү көрүнөт. Төрт бурчтук жана анын порталы жогорулаган сайын ичкерет да, ушул себептен чатырдын кылда чокусу «куба» күмбөздүн бүткөн чекити өңдүү жалпы гармонияны байытат. Күмбөздүн негизги пропорцияны түзүүчү бөлүктөрүнүн катышы так, порталындагы жыш орнамент жана терракоталык оймо жергиликтүү элдин кол өнөрүнүн табигый өзгөчүлүгу менен байланыштуулугун билдирет. Манастын күмбөзү көчмөн кыргыздардын чөйрөсүнө мусулманчылык кире баштаган мезгилде, ыйык адамдын мүрзөсү эмес, кудайдын жердеги күчүн даңазалаган храм катары курулган. Ошондуктан күмбөз жергиликтүү эл үчүн зыярат жайы да болуп келген. 1968-жылы күмбөз толук кайрадан оңдоп-түзөтүлгөн.
Ад.: Бернштам А. Н. Мазар Манаса. Ф., 1945; БернштамА. Н. Архитектурные памятники Киргизии. М.; Л., 1950; Массон М. Е., Пугаченкова Г.А. Кумбез Манаса. М., 1950; Помаскин Б. В. Гумбез Манаса. Ф., 1972.