«МАНАС-ОРДО»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

«МАНАС-ОРДО» - кыргыз улуттук комп­лекси. Т.алас облусунун Таш-Арык айылын­да жайгашкан. 1976-жылдан «Манас» ада­бий-этногр. музейи, 1988-жылдан «Манас» мамлекеттик-музей коругу, 1996-жылдан расмий

түрдө «Манас-Ордо» кыргыз улуттук комплекси аталган. Негизги максаты - тупкү ата-тегибиз­дин этностук тарыхын изилдөө, Манас жөнүндө маа­лыматтарды (китеп, кино, уламыш ж. б.) чо­гултуп, чет өлкөлөрдөн келген меймандарды, туристтерди «Манас» эпосу, анын каармандары, манасчылар менен кеңири тааныштыруу, улуу чы­гарманын маанисин элге жеткирүү, ошондой эле кыр­гыздын байыркы салт-санаасын, үрп-адатын жайылтуу. «М.-О» Манастын күмбөзүн, Манас­тын «хан» өргөөсүн, Манасчылар мектебин, Ма­насчылар тобун, Манас таануу борборун, Манас­тын кырк чоросун чагылдырган арканы, «Ма­нас ата» гүлбагын, Манас жана анын кырк чоро­сунун айкелин, Манас айылын, «Манас эпосу­нун» музейин, Манас кароол чокусун, элдик да­рыгерлер борборун, тулөөкана, улуттук ат оюн­дары ойнолуучу ат майданды ж. б. объектилер­ди камтыйт. Жергиликтүү жашрочулар «М.-О.» ком­плексине сыйынып, түлөөканасында түлөө өт­көрүп, жаш жубайлар уйлөнүү ырымын жасап, ыйык жай катары аздектешет. «М.-О.» комп­лексине АКШ, Германия, Франция, Япония, Корея, Италия, Швейцария, Малайзия, Австра­лия ж. б. өлкөлөрдөн туристтер

кызыгуу менен келип турушат