МАМЫТОВ Токон Болотбекович: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМЫТОВ Токон Болотбекович (18. 12. 1953- жылы туулган, Ысык-Көл обл., Балыкчы ш.) - генераллейтенант (2006), КРдин мамлекеттик кызматынын 2- класстагы мамлекеттик кеңешчиси (2005), КРдин эмг. сиң. юристи (2009). Пржевальск педагогикалык институтун (1979), Минсктеги СССР мамлекеттик коопсуздук комитетинин жогорку курсун (1981), Москвадагы Ю. Андропов атындагы СССР мамлекеттик коопсуздук институтун (1987) бүтүргөн. 1979-80-жылы Пржевальск (азыркы Каракол) шаардык билим берүү тармагында жооптуу кызматтарда, 1981-92-жылы Кыргыз ССР мамлекеттик коопсуздук комитетинин Ысык-Көл обл.

башкармалыгында оперуполномочен, бөлүм башчы, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Кочкор р-ндук бөлүмүндө начальник, 1992-97-жылы КРдин Улуттук коопсуздук министрлигинде бөлүмдүн начальнигинин орун басары, бөлүмдүн, башкармалыктын начальниги, 1997-2002-жылы КРдин улуттук коопсуздук министринин орун басары, башкармалыктын начальниги, КР Коргоо мйнистринин орун басары, 2002-05-жылы КРдин улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары, 1-орун басары, 2005-06-жылы КР Президенттик администрацияда канцелярия начальниги, 2006-07-жылы Президенттик администрация башчысынын орун басары, 2007-08-жылы КРдин Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2008- 09-жылы КР Президентинин администрациясында мамлекеттик кеңешчи, 2013-жылдан КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл обл-ндагы ыйгарым укуктуу өкүлү, 2009-10-жылы жана 2013-жылы КРдин Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, 2013-жылы КРдин вице-премьер-министри. КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (2010-13-жылы).