МАМЫТОВ Аман: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАМЫТОВ Аман (27. 5. 1927, азыркы Ысык­Көл обл„ Ысык-Көл району, Бостери айылы - 25. 1. 1999, Бишкек) - Кыргызстанда топурак таануу илимине негиз салуучу, а.ч. илимдеринин доктору (1962), профессор (1963), Кыргыз ССР ИАнын ака­демиги (1961, корреспондент мүчө, 1954), ВАСХНИЛдин (азыркы Россия а. ч. академиясы) академиги

(1978; корреспондент мүчө, 1973), КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1974). К. И. Скря­бин атындагы КАЧИни бүтүргөн (1949). 1953-64-жылы Кыргыз ССР ИАнын топурак таа­нуу бөлүмүнүн, ошол эле мез­гилде 1953-56-жылы КМУнун топурак таануу кафедрасы­нын башчысы. Кыргызстан топу­рак таануу ИИИнин (1964- 66), Орто Азия топурак таануу ИИИнин Кыргызстанда­гы филиалынын (1966-80) директору. 1974-жыл­дан Кыргыз ССР ИАнын президиумунун мүчөсү, 1978-85-жылы вице-президенти, 1987-жылы акад,- секретары, ошондой эле Биология институтунун тоо топу­рагынын пайда болушун изилдөө лабор-нын

башчысы. 1980-жылдан Кыргыз ССР ИАнын Химия-технол. жана биол. бөлүмүнүн төрагасы жана 1992-жылдан Тоо топурагын таануу институту­нун директору. ЗООдөн ашык илимий эмгеги (анын ичинде 20сы монография) бар. Эмгектери Кыргызстандын топурагын системалоо, классификациялоо, асылдуулугун жогорулатуу, а. ч. тармактарын ырааттуу жайгаштыруу жана жер кадастрын түзүү иштерине арналган. Кыргызстандын жерле­рин ири масштабдуу картага түшүрүү, топу­рагын бонитировкалоо, агрономиялык топко бөлүү ыкмасын иштеп чыккан. «Кыргыз ССРи­нин топурактарынын картасы», «Орто Азия республикаларынын топурагынын картасы», «Орто Азия жана Түштүк Казакстандын тоо то­пурагынын картасы» сыяктуу түстүү карта­ларды түзүүгө катышкан. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1975-80). В. Р. Вильямс атындагы Алтын медаль, эки Эмгек Кызыл Туу, Эл Достугу ордендери жана медалдар менен сый­ланган.

Эмг.: Агрохимические свойства почв Киргизии (в соавторстве). Ф„ 1969; Почвенные ресурсы и вопросы земельного кадастра Киргизской ССР. Ф„ 1974; Почвы Киргизской ССР. Ф„ 1974.