МАМЫРОВ Тобокел: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМЫРОВ Тобокел (24. 3. 1932, азыркы Чүй обл., Чүй району, Кегети айылы - 30. 2. 2006, Бишкек) - спортчу (бийиктикке секирүү). 1952-жылы КМУнун дене тарбия факультетин аяктаган. КМУда окуп жүргөн жылдары узундукка секирүү боюнча респ-нын чемпиону болсо, 1958-жылы Алматыда өткөн эл аралык мелдеште 2 м. 2 см бийиктикке секирип, Орто Азия жана Казакстан боюнча рекорд койгон. СССР профсоюздар уюмунун спартакиадасында күмүш медалга татыктуу болгон. Кытайда өткөн мелдеште 2 м

бийиктикке секирип, Азиянын рекордун койгон. СССРдин курама командасынын мүчөсү (1957-60) болгон. 1951- 66-жылы волейбол боюнча Кыргызстандын курама командасында ойногон. М. кыргыздардан чыккан 1- спорт чебери, СССР спортунун чебери (1957), отличниги. Медалдар менен сыйланган. Кегети айылында анын байгесинде, волейбол боюнча мелдеш өткөрүлүп турат.