МАМЫР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАМЫР Мерген уулу (архив документтеринде Миргиниев) (туулган жылы белгисиз - 25. 1. 1879, Анжиян ш.) - Кокон хандыгына каршы чыккан көтөрүлүштүн (к. Кокон көтөрүлүштөрү, Искактын көтөрүлү­шү) жетекчилеринин бири. Мундуз уруусунан (к. Сол канат). 1873-жылы жаз айында Эки-Суу (Кара-Дарыя - Сыр-Дарыя) аралыгындагы, Көгарт өрөөнүндөгү жана Сузак - Өзгөн аймакта­рында жашаган кыргыз урууларын Кудаяр хан­га каршы көтөрүлүшкө үндөгөн. Алгач Жалал­Абад, Ханабад кыш-н, кийин Өзгөн ш-н алыш­кан. Көтөрүлүштү басуу үчүн Кудаяр хан өзү ат­танган. Натыйжада курал-жарагы начар көтө­рүлүшчүлөр чегинип, бир тобу Тогуз-Торо, Кет­мен-Төбө өрөөндөрүнө өтүп кеткен. 1873-74-жылы М. Алай, Кашкар жана Кара-Кулжа тарапка ке­лип, ал жактагы кыргыздарды көтөрүлүшкө тартууга, ошондой эле Россия империясынан да кол­доо алууга аракет кылган. 5-6 миң кишиден турган көтөрүлүшчүлөр Коргонбардан сепи­лин алып, Анжиян ш-на чабуул койгон. Бирок 2000 сарбаздан турган жазалоочу кошуундан же­ңилүүгө дуушар болуп, М. Нарын өрөөнүнө ка­чып кеткен. Кокон ханынын өтүнүчүнө байла­ныштуу 1874-жылы 15-июлда кармалып, Токмок уездинин башчысынын буйругу менен Лепси уез­динде (Казакстан) камакка алынып, 1877-жылы Анжиян уездине кайтарылган. М. кийинче­рээк орус бийликтерине да каршы күрөшүүгө ара­кеттенген. 1878-жылы жазында Жетим хан (Куда­яр хандын алысыраак тууганы) менен бирге Ош, Анжиян, Кокон уезддерин кыдырып, орус бийлигине каршы элди көтөргөн. Орус аскери Жетим хандын бул тобун талкалаганда (1878, июнь), М. баатырларча кармашып, качып ке­түүгө үлгүргөн, бирок 8-сентябрда Болот, Нар­кул аттуу жигиттери менен бирге колго түшүп, 1879-жылы 18-январда Анжиян шаарында дарга асылган.