МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ - мамлекеттик органдарда­гы жана алардын аппараттарындагы ошол орган­дын иш-милдеттерин аткаруу боюнча белгиленген ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери бар кызмат, мамлекеттик кызмат орду. М. к. органдары алтыга бөлүнөт: КР Президенти; КР Жогорку Кеңешинин (ЖК) депутаттык милдеттерин ту­руктуу негизде аткарып жаткан депутаттары; КР Конституциясы тарабынан белгиленген мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын түздөн­түз аткаруу үчүн КР Конституциясы аркылуу аныкталган КР Президенти же КР ЖК тарабы­нан дайындалуучу же шайлануучу Премьер-ми­нистр, өкмөт мүчөлөрү, судьялар ж. б. кызмат­тар. 1) Биринчи, экинчи жана үчүнчү топтогу кыз­маттарды ээлеген адамдардын ыйгарым укук­тарын аткарууну түздөн-түз камсыз кылуу үчүн дайындалган жардамчылар, кенешчилер ж. б.; 2) мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын ат­каруу жана камсыз кылуу үчүн белгиленген кыз­маттар; 3) мамлекеттик органдар тарабынан белги­ленүүчү кызмат, кызмат өтөөнүн тартиби ата­йын мыйзамдар менен жөнгө салынуучу аскер кыз­матчылары, прокуратура, ички иштер, улуттук коопсуздук органдары, салык жана бажы инспек­цияларынын кызматкерлери. М. комитетын негизги милдеттери төмөндөгүлөр: 1) КР Конституция­сынын сакталышы, КР мыйзамдарынын, КР Президентинин жарлыктарынын, КР Өкмөтүнүн токтомдорунун жана КРдин башка нормативдик­укуктук актыларынын ишке ашырылышын камсыз кылуу; 2) мамлекеттик органдардын чечимде­рин даярдоо, кабыл алуу, аткаруу жана көзөмөл­дөө; 3) мамлекеттин таламдарын коргоо, жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзам­дуу таламдарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу.