МАМЛЕКЕТТИК ЗАЙЫМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАМЛЕКЕТТИК ЗАЙЫМ - мамлекет тарабы­нан алынган кредиттин формасы; мында мам­лекет карызга алган акчалай каражат үчүн төлөмөр болот. Бул мамлекеттик киреше алуунун маа­нилүү ыкмасы, бирок ошол эле учурда ал мамлекеттик карыздын түзүлүшүнө алып келет. Өлкөнүн ка­ражаты тартыш учурда чыгымдарды жабуу жана иш-чараларды өткөзүү үчүн мамлекет жеке же юридикалык жактардан карыз (зайым) алат. М. з. аны алган тараптан карызды акчалай ж. б. баа­луулуктар менен жабууну талап кылуу укугу менен мамлекеттик облигациялар ж. б. баалуу кагаздардын эмиссиясы түрүндө калк арасында жазылуу аркылуу таратылат. Банктарда же аманат кас­саларында сатылат. М. з. өнүккөн өлкөлөрдө карыз алуунун негизги формасы катары эсепте­линет. Аларда пайдалуу шартта финансы ре­сурстарын тартуунун жогорку кредит рейтинги болот. М. з. аркылуу басылып чыккан баалуу кагаз (облигация) ээлери (өлкөгө зайым берген­дер) келишимде каралган мөөнөт боюнча белгилен­ген проценттин негизинде киреше алышат.