МАМЛЕКЕТТИК АППАРАТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМЛЕКЕТТИК АППАРАТ - мамлекеттин коомду башкаруусун жана алардын кызыкчылыгын коргоону жүзөгө ашыруу үчүн атайын органдар же мекемелер системасы. М. а-тын негизине: 1) мыйзам чыгаруу (парламент, конгресс,
улуттук кеңеш ж. б.); 2) аткаруу (мамлекеттик же өкмөт башчысы, министрликтер, комитеттер, жетекчи мекемелер, мэрия, муниципалитет ж. б.); 3) укук коргоо (сот, прокуратура) кирет. М. а. кызматкерлеринин ишмердүүлүгү коомдук саясий түзүлүштүн тибине байланыштуу болот. Демократиялуулуктун, көп партиялуулуктун шарты боюнча кызмат орундары көбүнчө жеңген партиянын өкүлдөрүнө ыйгарылат. 2010-жылы кабыл алынган конституция боюнча Кыргызстан да ушундай жолго түшкөн. Азыркы учурдагы көп өлкөлөрдө М. а-ка адис тандоо конкурс аркылуу жүргүзүлөт. М. а-тын ишмердигин жакшыртуу жана демократиялаштырууну өнүктүрүүнүн башкы жолу кабыл алынган мыйзамдарга гана таянып иштөө болуп саналат.
Ад.: Хропанюк В. Н. Теория государства и права. М., 2004.