МАМБЕТОВ Жаныбек Султанбаевич: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМБЕТОВ Жаныбек Султанбаевич (26.7.1961- жылы туулган, азыркы Ысык-Көл обл, Тоң району, Тоң айылы) - уролог, медицина илимдеринин доктору (2005), профессор (2006). КММИни бүтүргөн (1984). Бишкектеги № 1 ШКОнун урология бөлүмүндө врач (1985-91), Тоң р-ндук ооруканада башкы врач (1991-96), Бишкектеги № 1 ШКОдо жана поликлиникада врач, бөлүм башчы болуп иштеген (1996-2002). КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталында урология бөлүмүнүн башчысы, 2006-жылдан КММАда профессор КРдин саламаттык сактоосунун отличниги, Урологдордун илимий коомунун, Респ. хирургдар ассоциациясынын, Бүткүл дүйнөлүк урологдор ассоциясынын, Түркия жана Орто Азия өлкөлөрүнүн андрологдор ассоциациясынын мүчөсү. Хирургия жана урология боюнча адис. 111ге жакын илимий эмгеги, анын ичинде 1 монография, 5 ойлоп табуулары бар.
Эмг.: Острой оркоэпидидимит. Б., 2012; Хронический простатит. Б., 2004.