МАМАШЕВА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМАШЕВА Гүлсүн [3. 11. 1947-жылы т„ ЖалалАбад обл„ Жаңы-Жол (азыркы Аксы) району, Ренжит айылы] - ырчы, артист, КРдин эмг. сиң арт. (1994), КРдин эл арт. (2011), 1971-жылы Б. Бейшеналиева атындагы КМИИни бүткөн. М. - Совет доорунда Кыргызстанда биринчи түзүлгөн Ч. Кожом-
жаров жетектеген эстрада ансамблинин алгачкы солисттеринин бири. 1971- 83-жылы К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде солист, 1983-87-жылы Ысык-Көл обл. К. Жантөшев атындагы Кыргыз драма театрында артист. Анын аткаруусундагы «Кыштак четинде», «Жибек чач», «Ырдапкой», «Жаштык вальсы», «Назгүлүм» ж. б. ырлары Кыргыз телерадиосунун алтын казынасына жазылган. М. театрда жана кинодо да каармандардын образын жеткиликтүү ойногон. Аткарган ролдору: Чынар (Ж. Бөкөнбаев, «Алтын кыз»), Зулайка
(Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Асел (Ч. Айтматов, «Кызыл .жоолук жалжалым»), Алтын (А. Дыйканбаев, «Түпкүрдөгү сыр») ж. б. М. - «Жаралуу аркар» (2007) китебинин автору. Ж. Шералиев атындагы (1995), Ч. Айтматов атындагы (1997) эл аралык сыйлыгы лауреаты.

