МАМАТКУЛ БИЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:01 учурдагы соңку нуска
МАМАТКУЛ БИЙ Үчүкө уулу (1668-70-жылы чейин - 1759-жылдан кийин, Кетмен-Төбө, сөөгү Арстанбапка коюлган) - 18-к-дын 1-жарымында калмак баскынчыларына каршы элдик күрөштүн [к. Жуңгар хандыгы (1636-1758), Кыргыз-калмак (ойротп ) согуштары (17-18-кылым)] жетекчилеринин бири; кыргыз урууларын башкарган бий. Айрым даректерде Маматкул, Мамутхули, Мамук-кули, Минглибай бий, кытай хроникаларында Ма-му-гу-ху-ли деген аталышта кездешет. Кудаяр хан каза болгондон кийин бийлик М. б-ге өткөн. 1720-жылдан М. б. Ферганага ооп барган кыргыздарды бириктирип калмактарга каршы элдик күрөштү жетектеген. 1730- 32-жылы кыргыздардын Кетмен-Төбө өрөөнүнө, андан Ат-Башы, Ысык-Көл, Чүйгө көчүшүнө демилге көтөргөн (к. Кыргыздардын Чуйгө көчушу). 1735-40-жылы М. б. жана Кошойдун жетекчилиги менен Эр Солтоной, Атаке, Качыке, Бердике, Момокон ж. б. баатырлар Чүй өрөөнүндөгү конуштарды (Кара-Кыштак, Сокулук, Ак-Бешим) калмак баскынчыларынан бошоткон. 1758-жылы кыргыз элчилерин Кытайга жиберип, саясий жана чек ара маселелерин чечкен.
Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1. Б., 1993; Сапаралиев Д. Взаимоотношения кыргызского народа с русскими и соседними народами в XVIII веке. Б., 1995; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 2, Б., 2003.
Т. Асанов, Э. Турганбаев.