МАЛИКОВ Кубанычбек Иманалиевич: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАЛИКОВ Кубанычбек Иманалиевич [3(16). 9. 1911, Чүй өрөөнү, азыркы Ысык-Ата району, Үч­Эмчек айылы - 9. 12. 1978, Фрунзе)] - акын, кыргыз

адабиятына негиз салгандардын бири, Кыр­гыз ССРинин эл акыны (1969), Кыргыз ССР искусство­суна эмг. сиң. ишмер (1947). 1926-жылы «Эркин Тоо» гези­тине Фрунзе округун тей­лөө боюнча кабарчы болгон. 1932-жылы Фрунзе кыргыз пед­техникумун бүткөндөн ки­йин, 1932-33-жылы «Ленинчил жаш» гезитинин редактору­на орун басар, 1934-жылы «Кы­зыл Кыргызстан» гезитинин жооптуу секретары, 1937-40-жылы Кыргызстан жазуу­чулар союзунун секретары, 1940-41-жылы Кыргыз ССР ЭКСтин илим комитетинин кызматкери, 1941- 42-жылы Кыргыз ССР ЭКСтин Искусство башкармасы­нын башкы реперткомунун начальниги, 1942-жылы Ворошилов ГЭСиндеги жумушчулар колоннасы­нын комиссары, 1943-44-жылы Кыргыз мамлекеттик дра­ма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы, 1944-46-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин искусство иштери боюнча башкармасынын начальни­ги, 1947-49-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармасынын председателине орун басар жана «Советтик Кыргызстан» журналынын ре­дактору, 1951-53-жылы Кыргызмамл. драматеат­рынын директору, 1953-жылы Кыргыз мамлекеттик басма­сынын редактору, 1954-59-жылы Кыргызстан жазуучу­лар союзунун жооптуу секретары, 1959-73-жылы улук консультанты болуп иштеген. М-дун чыг­лыгы пеДтехникумда окуп жүргөн мезгилде эле башталган. Ал «Кызыл учкун» ийримине ак­тивдүү катышкан. «Жазгы талаа» деген туңгуч ыры 1928-жылы «Эркин Тоо» гезитине жарыялан­ган. Туңгуч драмалык чыгармаларынан «Тең­дик курманы» аттуу пьесасы 1931-жылы өзүнчө ки­теп болуп чыккан. 1935-жылы жарык көргөн «Театрдык ырлар» жыйнагы менен М. кыргыз эс­традасын калыптандырууга чоң салым кошкон. 30-жылдары М. негизинен поэзия, проза жан­рында эмгектенип, «Сапардын сүйүү сырлары», «Сөөлөт курмандары», «Жапар менен Шарипа» поэмаларын, «Кубанычбектин ырлары» (1938), «Жаңы ырлар» (1939) ыр жыйнактарын, «Ачылган айып» (1933), «КызылАлай» (1934), «Саралакозу» (1935), «Азаматтар» (1938) сыяк­туу повесть, аңгемелерди жараткан. Кыргыз эли­нин адабий мурастарын изилдеп, жайылтууга зор салым кошкон. Кыргыздын улуттук туңгуч «Айчүрөк» операсынын либреттосун (Ж. Турус­беков, Ж. Бөкөнбаев менен бирдикте) жазган. Улуу Ата Мекендик согуш алдында «Сейтек» опе­расынын либреттосун жазып бүтүргөн. 1940- 45-жылы «Манас» сериясы деген ат менен түрдүү эпи­зоддор боюнча жарык көргөн китепчелердин ката­рында М-дун мектеп жашындагы балдарга ар­налган «Манастагы элестер» (1941) аттуу ките­би бар. «Манастын» төрт томдук курама вариан­тынын 1-, 2-китептерин («Манас» бөлүгүн) бас­мага даярдаган, ошондой эле «Манаска» байланыш­туу көптөгөн макалалардын автору. Анын «Кан­га-кан» (1942), «Чүй каналы боюнда» (1942), «Ала-тоолук курдаштар» (1945), «Ырлар» (1947), «Достук жана Махабат» (1949), «Биздин жер» (1950) ыр жыйнактары бар. «Кадыр аке» (1952), «Ырлар» (1953), «Тоодогуот», (1957), «Көлжээ­гинде кездешүү» (1961), «Эртеңкини ойлонуу» (1964), «Аскадагы үн» (1966), «Алтын жип» (1970) сыяктуу ырлар жана поэмалар жыйнакта­рында доордун жүзүн, замандаштарынын дүй­нөсүн, эмгекти, ошол учурдун талылуу маселе­лерин чагылдырган. М. кыргыздын улуттук театр искусствосу менен драматургиясын өнүктүрүүгө да чоң салым кошкон. Айрыкча кыргыз драма­тургиясынын тематикалык-идеялык диапазо­нун кеңейтүүдө анын драмалык чыгармалары чоң роль ойногон. М. 50-жылдардын башында А. Куттубаев менен бирдикте «Биз баягы эмеспиз» пьесасын жазган. Мында колхоздорду ирилеш­тирүүдөн кийин а. ч-нда жана адамдардын аң­сезиминде болгон өзгөрүштөр көрсөтүлгөн. Кыр­гыз искусствосу менен адабиятынын Москвада өткөн 2-он күндүгүнө (1958) карата «Токтогул» опера­сынын либреттосун кайрадан иштеп чыккан. «Бийик жерде» (1936-58; Кыргыз ССРинин Ток­тогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы, 1978), «Бир көчөнүн кыздары» (1960), «Адылдын иши» (1959-60), «Айланган тоонун бүркүтү» (1964-65), «Осмон­кул» (1969) сыяктуу пьесалары бар. М. адабият сынында, мемуар жана проза жанрларында да ийгиликтүү эмгектенген. 1977-жылы «Азаматтар» повестинин жаңы редакциясы, 1964-жылы «Заман­даштарым жана каламдаштарым» мемуардык китеби жарыкка чыккан. Пушкин, Лермонтов,

Некрасов, Маяковский, Шевченконун чыгарма­ларын кыргыз тилине которгон. Чыгармалары чет элдердин тилине которулган. Ленин орде­ни, Эмгек Кызыл Туу, 3 «Ардак Белгиси» ор­дендери жана медалдар менен сыйланган.

Чыг.: Чыгармаларынын эки томдук жыйнагы, 1- 2-том. Ф., 1971; Замандаштарым жана каламдаш­тарым/Макалалар, эскерүүлөр. Ф., 1985; Балбай/Поэ­малар жана ырлар. Б., 1991.

Ад.: Керимжанова Б. Кубанычбек Маликов//Кыр­гыз совет адабият тарыхынын очерки. Ф., 1960; Абд­раимов Ж. Чыгармаларга ойлор. Ф., 1967; Артык­баев К. Маликовдун чыгармачылыгындагы урунттуу маселелер//Чыгармалар жана ойлор. Ф., 1974.

И. Жумабаев.