МАЛЕЙН ЖАНА ФУМАР КИСЛОТАЛАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

ники о Малевиче: письма, документы, воспоминания, критика^Сост. И. А. Вакар, Т. Н. Михеенко. М., 2004. МАЛЕЙН ЖАНА ФУМАР КИСЛОТАЛАРЫ - этилендикарбон кислотасынын геометриялык изомерлери (цис­жана транс-); экөө тең - түссүз кристалл. Малеин кислотасы - цис-изомери (I), эрүү t 130°C, кайноо t 160°C. Фумар кислотасы - транс-изомери (II), эрүү t 280°C, кайноо t 290°C.

H — C — COOH H — C — COOH

|| ||

H — C — COOH HOOC — C — H
(I) (II)

Малеин кислотасы сууда, эфирде жакшы эрийт, фу­мар кислотасы сууда жана дээрлик бардык органикалык эрит­кичтерде эрибейт. Түссүз кристаллдар жарыкта 200°Сден жогорку температурада ысытканда же химиялык реагенттердин таасиринде малеин кислотасы фу­мар кислотасына изомерленет. Алар акак кислотасына чейин оңой калыбына келишет, өтө оксиддер менен окистендиргенде тиешелүү рацематтык ша­рап кислотасына же мезошарап кислотасына айланат; озон менен глиоксил жана козу кулак кислотасына че­йин ажыраган озониддерди пайда кылат. Спирт­тер менен аракеттенгенде моно­жана диэфирлерди берет. Эфирлери тиешелүү малеинаттар жана фу­мараттар деп аталат. Ө. ж-да малеин кислотасы бензолдун буу фазада катализдик окистенүү­сүнөн, ошондой эле кротон альдегидин окистендирүүдөн алынат. Фумар кислотасы көптөгөн өсүмдүктөрдө (мисалы, козу карындарда) болот. Малеин кислотасы шарап жана алма кислоталарын, полимер материал­дарын, алкид чайырларын алууда колдонулат. Фумар кислотасы фталь ангидридинин ордуна по­лиэфир чайырларын, синтездик майлоо майлар­ды алууда пластификатор катары, тамак-аш ө. ж-нда лимон_ж-а жүзүм кислоталарынын ордуна колдонулат.