МАЛАХИТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАЛАХИТ (грекче malache - топчу баш гүл, гүлдүн жашыл жалбырагына окшоштугунан) - карбонаттар классына кирүүчү минерал. Химиялык формуласы
Cu2[CO3](OH)2. Курамында Cu 57,4%. Өңү-түсү ачык жашыл, көгүш жашыл. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3,5-4. Салыштырма салмагы 3,9-4,1. Сульфиддүү жез кендеринин үстүнкү бетиндеги кычкылдануу зонасында кездешет. Кооз таш катары зергерчиликте, кооз буюмдарды жасоодо (шуру, мончок, ваза), колонналарды каптоодо колдонулат. Боёк даярдалат.