МАСАДАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАСАДАН - Жалал-Абад облусунун Сузак районунун­дагы кыштак. Ырыс айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 735 м бийиктикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Сузак кыш-нан 7 км түндүк-чы­гыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 5 км. Калкы 1640 (2009); негизинен дыйкан чарбала­рында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, маданият үйү, ФАП бар. Соода жайлары, базарча­лар иштейт.