МАРШАК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(8 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска

МАРШАК Самуил Яковлевич[22.10(3. 11). 1887, Воронеж - 4. 7. 1964, Москва] - орус совет акы­ны. Бала чагынан ыр жаза баштаган. 1902- жылдан анын адабий тарбиясына жана тагды­рына В. В. Стасов, М. Горъ­кий көп көңүл бөлгөн. М. 1912-14-жылы Лондон университетин­де окуган. Ырлары 1907- жылдан жарыялана

башта­ган. 1915-17-жылы англис поэ­зиясынын котормолору жа­рык көргөн. 1920-жылы Крас­нодарда балдар үчүн театр уюштуруп, жомок-пьесалар жазган. 1923-жылы балдар үчүн туңгуч ыр китептери («Жек салган үй», «Капастагы балдар» ж. б.) чыккан. 1923-25-жылы «Новый Робинзон» журналын, ки­йин «Детгиздин» Ленинграддагы редакциясын башкарып, балдар адабиятын өөрчүтүүгө көп күч жумшаган. Жаш окурмандар үчүн «Өрт», «Поч­та», «Днепр менен согуш», «Мистер Твистер», «Белгисиз баатыр баяны», «Аскер почтасы» ж. б. балдар театры үчүн пьесалары («Он эки ай», «Акылдуу буюмдар» ж. б.) көп сандаган жомоктору, ырлары, табышмактары бар. М. У. Шекспирдин сонеттерин, Р. Бёрнстин, У. Блейктин, У. Вордсворттун, Р. Киплингдин, Ж. Китстин ырларын жана балладаларын орус тилине которуп, котормонун бийик үлгүлөрүн жараткан. М. - лирик акын («Тандамал лири­ка», 1962; Лениндик сыйлыгы, 1963), прозаик, сын­чы катары да белгилүү. М-тын китептери чет элдердин тилдерине көп ирет которулган. Төрт жолу (1942, 1946, 1949, 1951) СССР мамлекеттик сыйлыгы алган. Эки Ленин, башка 2 орден жана медалдар менен сыйланган.

Чыг.: Собр. соч. М., 2005. Т. 1-4.

Ад.: Галанов Б. Е. С. Я. Маршак. М., 1965; «Я думал, чувствовал, я жил»: Воспоминания о С. Я. Маршаке. М., 1988; Гейзер М. М. Маршак. М., 2006.