МАРРАМБЙДЖИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(11 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска

МАРРАМБЙДЖИ - Австралиянын түштүк-чыгы­шындагы дарыя, Муррейдин оң куймасы. Узундугу 2172 км, алабынын аянты 184 миң км2. Авст­ралия Альп тоолорунун түндүк тармактарынын башталып, түздүк аркылуу агат. Башкы куй­масы - Лаклан (оң). Мурда суу тез-тез ташкын­дап тургандыктан, баш жагында Барринжак суу сактагыч жана ГЭС курулган. Орт. чыгымы Бал­раналд ш. тушта 34,5 м2/сек (эң чоңу 299) Су­гатка кеңири пайдаланылат. 1852-жылы кыйрат­кыч ташкын болуп, Галедагай шаарчасын то­лугу менен жууп (калкынын ;/3и кырылып кал­ган) кеткен. Жаан-чачындуу мезгилде чатынан Уогта-Уогта ш-на чейин кеме жүрөт, кургакчы­лык убакта кээде соолуп калат. Австр. абори­гендердин тилинен которгондо «чоң суу» деген­ди түшүндүрөт.