МАРЕК ЫЛАҢЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(8 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска

МАРЕК ЫЛАҢЫ (МогЬиз Магек) - куштардын, көбүнчө тооктордун вирус пайда кылуучу өнөкөт ылаңы. Борбордук нерв системасына доо кеткендик­тен, куштун канаты жана буттары шал болуп, көзүнүн түстүү челинин өңү өзгөрөт. Ылаңды биринчи жолу венгр окумуштуусу Марек 1907-жылы полиневрит деген ат менен жазган. Ылаң Кыргызстанда да кездешет. Ылаңцаткычы курамында ДНК бар Негревүхгиз £а111-2 вирусу. Сырткы чөйрөдө вирус 18-20°Сде активдүүлүгүн жоготот. Табигый шартта тооктор түркүмүндөгү куштар­дын бардык түрү ыландайт. Инфекция козгогу­чунун булагы - ылаңдуу куштар. Вирусту чы­мын-чиркейлер, кенелер, коңуздар ж. б. алып жүрөт. Ылаңдын букма (инкубациялык) мезги­ли 13-15 күнгө же андан да узакка созулат. Кли­никалык белгилери боюнча үч формасы (нервдик, окулярдык, висцералдык) белгилүү. Диагнозу эпизоотол. маалыматтардын, клиникалык бел­гилердин, патанат. өзгөрүүлөрдүн, лабор. изил­дөөнүн жана биол. сыноонун негизинде коюлат. Дарылоо натыйжа бербейт. Ылаңдап айыккан кушта стерилдүү эмес иммунитет пайда болот. Алдын алуу жана күрөшүүдө куш фермасында, инкубаторлордо ветеринариялык-санитариялык иштердин мааниси чоң. Ылаңдуу деп күмөн саналган куштар жок кылынат. Ылаң чыккан чарбага чектөө (каран­тин) коюлат. Тооккананын ичи-тышы, колдо­нулуучу жабдыктар тазаланат, жегич натрий­дин 3%түү ысык эритмеси же болбосо 3%түү хлордуу акиташ менен дезинфекцияланат.

Д. Раимбеков.