МАНЖУРЛАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАНЖУРЛАР (өздөрүн маньчжу, нялма деп аташат) - Түндүк-Чыгыш Кытайдагы жана Түндүк Кытайдын (Манжур) түн,- чыгышындагы тунгусманжур элдери. Негизинен Ляонин провинциясында, ошондой эле Гирин, Хэйлунцзян, Синьцзян-Уйгур автономиялык районунда, Хэбэй, Ганьсу, Шаньдун провинцияларында, Пекин, Чэнду, Сиань, Гуанчжоу ж. б. ш-да жашашат. Саны 10,7 миллион киши

(2003). Хэйлунцзян провинциясындагылар манжур тилинде, КЭРдин айрым аймактарында жашагандар кытайча сүйлөйт. Динге ишенгендери негизинен буддизм, даосизм динине сыйынышат. М-дын түпкү теги тунгус-манжур уруулары: сушэнь, илоу, воцзюй, уцзи, мохэ, чжурчжэнь ж. б. М-дын этностук негизин түрк, моңгол, корей, кытай ж. б. уруулар түзгөн. Негизги кесиби - дыйканчылык, тоолуу райондорунда токой чарбачылыгы өнүккөн. М-дын бир бөлүгү ө. ж-да иштейт.