МАМЕЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(2 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАМЕЕВ Төлөгөн (12. 5. 1938-жылы туулган, азыркы Ош обл., Кара-Кулжа району, Шаркыратма айылы) - акын, котормочу, КРдин маданиятына эмг. сиң. иш­мер (2000), Кыргыз эл акыны (2011). 1955-жылы

Оштогу педагогикалык окуу жайын, 1963-жылы КМУну бүтүргөн. 1955-57-жылы мектепте муга­лим, 1957-58-жылы райондук «Коммунизм үчүн» гезити­нин жооптуу секретары, 1963-65-жылы мектепте муга­лим, 1965-70-жылы Өзгөн р-н­дук «Октябрь Туусу» гезити­нин жооптуу секретары, 1970-71-жылы респ. «Ленинчил жаш»,

1971-93-жылы «Кыргыз­стан маданияты» гезиттеринде поэзия секция­сынын башчысы, 1994-96-жылы «Мурас» журналын­даредактор, 1996-98-жылы саясий-коомдук «Мээ­нет» гезитинин башкы редактору болуп иште­генетикалык Чыгармачылыгы 1954-жылдан башталган. Ырла­ры Совет р-ндук «Коммунизм үчүн» гезитинде, 1958-жылы «Ала-Тоо» журналына жарыяланган. 1975-жылы «Ажайып дүйнө» ыр жыйнагы жарык көргөн. Ошондой эле «Жүрөктүн ыры» (1989), «Кызыл таң» (1983), «Менинжазым» (1981), «Атажурт ажары» (2000) ыр жыйнактарынын, очерк, фелье­тондордун автору. С. Есениндин, Ю. Лермонтов­дун, Г. Лорканын, Абайдын чыгармаларын кыр­гыз тилине которгон. Бир катар ырлары орус, казак, өзбек, алтай ж. б. тилдерде жарык көргөн.