МАМБЕТОВ Дүрбөлөн: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМБЕТОВ Дүрбөлөн(5. 06. 1931, азыркы Нарын обл., Нарын району, Таш-Башат айылы - 17. 8. 1970, ошол эле жер) - физик, Кыргызстанда ядро физикасы боюнча алгачкы окумуштуу, физика-

математика илимдеринин кандидаты (1956). КМУну бүтүргөн (1952). КМУда окутуучу, кафедра башчысы, Өзбекстан ИАнын Ядро физикасы институтунда жана 1959-жылдан Кыргыз ИАнын Физика жана математика институтунда лабор. башчысы болуп иштеген. Эмгектери катуу нерселердин физикасына, анын ичинде нерсенин адгезиялык байланышынын бузулуу механизмине арналган. Ал катуу нерселердин адгезиялык бузулушунда жана алардын майдаланышындагы электр кубулуштарын изилдөөнүн жаңы багытына негиз салып, «Мамбетов эффектиси» деп аталган кубулушту ачкан. бОтан ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 2 монография, окуу куралынын, 3 патенттин автору. Туулган жериндеги өзү окуган орто мектепке ысмы ыйгарылган.
Эмг.: Электроразрядные и эмиссионные явления при разрушении твердых тел. Ф., 1973; Избранные научные труды. Б., 2012. Элементардык ядролук физика. Ф., 1970.
Ад.: Асанов У. А. Электрондук эмиссиянын белгисиз түрү же «Мамбетов эффектиси» жөнүндө//Жизнь Науки. НАН КР, № 1, 2011; Асанов У. А. Некролог озвученный через сорок лет. Б., 2012.