МАМАШЕВА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАМАШЕВА Гүлсүн [3. 11. 1947-жылы т„ Жалал­Абад обл„ Жаңы-Жол (азыркы Аксы) району, Рен­жит айылы] - ырчы, артист, КРдин эмг. сиң арт. (1994), КРдин эл арт. (2011), 1971-жылы Б. Бей­шеналиева атындагы КМИИни бүткөн. М. - Совет доо­рунда Кыргызстанда биринчи түзүлгөн Ч. Кожом-

жаров жетектеген эстрада ансамблинин алгачкы со­листтеринин бири. 1971- 83-жылы К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде со­лист, 1983-87-жылы Ысык-Көл обл. К. Жантөшев атындагы Кыр­гыз драма театрында ар­тист. Анын аткаруусундагы «Кыштак четинде», «Жибек чач», «Ырдапкой», «Жаш­тык вальсы», «Назгүлүм» ж. б. ырлары Кыргыз телерадиосунун алтын казынасына жазылган. М. театрда жана кинодо да каармандардын обра­зын жеткиликтүү ойногон. Аткарган ролдору: Чынар (Ж. Бөкөнбаев, «Алтын кыз»), Зулайка

Г. Мамашева «Ысык­Көлдүн кызгалдак­тары» фильминде эпизоддук ролдо.
Picutre 1710

(Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Асел (Ч. Айт­матов, «Кызыл .жоолук жалжалым»), Алтын (А. Дыйканбаев, «Түпкүрдөгү сыр») ж. б. М. - «Жаралуу аркар» (2007) китебинин автору. Ж. Шералиев атындагы (1995), Ч. Айтматов атындагы (1997) эл аралык сыйлыгы лауреаты.