МАМАКЕЕВ Мамбет: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМАКЕЕВ Мамбет (1. 10. 1927-жылы туулган, азыркы Ысык-Көл обл., Ак-Суу району, Кереге-Таш айылы) — хирург, медицина илимдеринин доктору (1970), профессор (1972), КРдин эмг. сиң. врачы (1973), КР УИАнын академиги (1993; корр. мүчөсү, 1989), Казакстан МИАнын ардактуу академиги (1995),

КРдин мамлекеттик сыйлыгы лауреаты (1998), КРдин Баатыры (2004). КММИни (1952), ошол эле жерде аспирантураны (1958) бүтүргөн. КММИде ассистент (1958- 62), доцент (1962-72), кафедра башчысы, профессор (1974-2002) болуп иштеген. 1996-жылдан КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы УХБнин директору. Кыргыз ССРинин илимге эмг. сиң. ишмери (1987). 1980- жылдан КР хирургдар ассоциациясынын төрагасы, КР УИАнын Ахунбаев атындагы сыйлыгы лауреаты. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1980-94) жана КРдин Жогорку Кеңешинин (1995-2000) депутаты. Клиникалык жана эксперименттик хирургия боюнча адис. 250дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 9 монографиясы бар. Нег. эмг. өттүн таш оорусун хирургиялык жол менен дарылоо жана хирургиялык шашылыш жардам көрсөтүүгө арналган. Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Элдердин Достугу, I жана III даражадагы Манас ордендери менен сыйланган.
Эмг.: Ич көндөйүндөгү органдардын хирургиялык катуу оорулары. Ф., 1964; 1967; Обходные анастомозы при осложненной желчно-каменной болезни. Ф., 1981; Хирургическая тактика при ранениях и разрывах легких. Б., 1994.
Ад.: Турсунов Э. Биздин замандын баатыры. Б., 2007.