БИОТРОФТОР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
Белги: Жокко чыгаруу |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
20 январь 2025, саат 03:45 учурдагы соңку нуска
БИОТРОФТОР (био... гр. trophe – азык, азыктануу) – тирүү организмдер менен азыктанган организмдер тобу. Аларга фитофагдар, зоофагдар жана мителер кирет. Алардын ичинде сапротрофтор өлгөн организмдердин, ошондой эле жаныбарлардын калдыктары менен азыктанат. Аларга бактериялар, актиномицеттер, ошондой эле коӊуздар, чымындар, курттар (сөөлжан), куштар (карга, кузгун), сүт эмүүчүлөр (гиена) кирет. Суудагы сапротрофтор сууну биологиялык жактан тазалоого катышат, топурак кыртышын семирткенге көмөктөшөт.