МАСАЛИЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(6 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАСАЛИЕВ Апсамат (10. 4.

1933, азыркы Баткен обл., Кадамжай району, Алыш айылы - 31. 7. 2004, Бишкек) - советтик партиялык, мамлекеттик жана саясий ишмер; КРдин Бааты­ры (2003). Кызыл-Кыя тоо-кен техникумун (1953), Москва тоо-кен ин­тун (1956), Алматы жогор­ку партиялык мектебин (1964) бүтүргөн. 1957-62-жылы «Кыр­гыз көмүр» трестинин «Ком­сомольская» шахтасында мастер, 1958-61-жылы

Ош «Кыр­гыз көмүр» трестинде баш­кы инженер, партиянын Ош обкомунда бөлүмдүн инструктору, 1964-66-жылы Кыргызстан КП БК жана Кыргыз

ССР Министрлер Советине караштуу Партиялык мамлекеттик контроль комитетинде бөлүмдүн инспектору, Ош обл. комитетинде төраганын орун басары, 1966-69-жылы партиянын Ош обкомунда бөлүм башчы, Кыргызстан КП БКда бөлүм башчынын орун баса­ры, 1969-71-жылы партиянын Таш-Көмүр шаар­комунун 1-секретары, 1971-72-жылы Кыргызстан КП БКда бөлүм башчы, 1972-74-жылы Бишкек шаар­дык эл депутаттар советинин аткомунун төра­гасы, 1974-79-жылы Кыргызстан КП БКнын секретары, 1979-85-жылы партиянын Ысык-Көл обкомунун 1-секретары, 1985-жылы КПСС БКда инспектор, 1985-91-жылы Кыргызстан КП БКнын 1-секретары, ошол эле учурда Кыргыз ССР Жогорку Совети­нин төрагасы, 1991-93-жылы КПСС БКда бөлүмдүн кеңешчиси, 1993-96-жылы КРдин мамлекеттик тоо-кен көзөмөл комитетинде директор болуп иштеген. СССР (1979-91), Кыргыз ССР (1971-75) Жогорку Со­веттеринин, КР Жогорку Кеңешинин (1985-жыл­дан) депутаты. Октябрь Революциясы, 2 Эмгек Кызыл Туу, 3-даражадагы «Манас», КМШ мам­лекеттеринин Парламент аралык ассамблеясы­нын «Содружество» ордендери менен сыйланган. Бишкектеги «Кыргыз мамлекеттүүлүгүн» негиз­дөөчүлөр аллеясында айкели тургузулган.