МАРШАЛЛ ПЛАНЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАРШАЛЛ ПЛАНЫ - Европаны калыбына келтирүү программасынын расмий аталышы; АКШнын жардамы аркылуу 2-дүйнөлүк согушта (1939-45) бүлгүнгө учураган Европанын экономикасын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү программасы. 1947-жылы АКШнын мамлекеттик секретары Ж. К. Маршаллдын демилгеси менен түзүлгөн (1948-жылы апрелде күчүнө кирген). Бул идеяны Улуу Британия менен Франция колдоп, европалык мамлекеттердин керектөөсүн жана ресурстарын, тармактарынын өнүгүшүн аныктоочу «жетекчи комитет» түзүүнү сунуш кылган. Мындай уюм өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүүгө түрткү бермек. Совет өкмөтү буга каршы мамлекеттердин тең укуктуу экономикалык кызматташуу планын сунуш кылган, бирок сунуш батыш өлкөлөрү тарабынан четке кагылган. Натыйжада планга катышуудан СССР ж. б. айрым өлкөлөр баш тарткан. Планды жүзөгө ашырууга Европанын 17 өлкөсү катышкан. Батыш Европа өлкөлөрүнө АКШ бюджетинен субсидия жана зайым түрүндө жардам берилген. 1948-жылдын апрелинен 1951- жылдын декабрына чейин АКШ М. п. боюнча 17 миллиард доллар чыгымдаган. 1951-жылы М. п. бир мезгилде экономикалык, согуштук жардам көрсөтүүнү караган өз ара коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө мыйзам менен алмаштырылган.