МАРОККОЛУКТАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (9 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска
МАРОККОЛУКТАР, марокколук арабдар, Марокко араб-берберлери (өздөрүн магариба деп аташат) - эл, Марокконун негизги калкы. Саны 2,5 миллион киши (2009). Түндүк Африкада (Суданда 300 миндей, Алжирде 200 миндей), ошондой эле 1 млндой М. Франция, Белгия, Нидерланд, Испания, АКШ, Канада ж. б. өлкөлөрдө жашашат. Динге ишенгендери - мусулман-сүннөттөр. Араб тилинде сүйлөшөт. 7-
12-к-да жергиликтүү бербер уруулары менен арабдардын ассимиляцияланышынан М-дын этностук негизи түзүлгөн, ошондой эле 11-17-к-да М. Батыш Судан өлкөсүнөн келген негрлер менен аралашкан. М. улуту Марокконун көз карандысыздыгы үчүн фр. жана испаниялык үстөмдүккө (1912-56) каршы күрөштө калыптанган. Негизги кесиби - дыйканчылык. М. - көчмөн жана жарым көчмөн калк. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. М-дын көпчүлүгү айыл чарбасында жана ө. ж-да иштешет. Улуттук тамак-ашы жалпы арабдардыкына окшош. Негизги суусундугу - жыттуу көк чай.
