«МАНАС» (3 томдук басылышы): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(6 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

«МАНАС» - С. Орозбаковдун варианты боюнча «СССР элдеринин эпостору» сериясынан кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн «Манас» эпо­сунун 3 китеби (М., 1984, 1988, 1990). 1-китепте Манас баатырдын төрөлүшү, балалык чагы, өспүрүм кезиндеги алгачкы эрдиктеринен баш­тап кыргыз урууларынын башчылыгына - кан шайлаганга чейинки окуялар; 2-китепте Манас­тын турмушу жана эрдиктери, чачылып кеткен

кыргыз урууларын бириктириши, ата журтун душмандардан коргогон күрөштөрү, Алмамбет баатыр менен эмчектеш тууган болушу, Атемир­дин кызы Каныкейге үйлөнүшү камтылса; 3- китепте кыргыз элинин үрп-адат, каада-салты кеңири чагылдырылган, «Көкөтөйдүн ашы» эпи­зоду камтылган. Китептер кыргызча тексттер­ден, алардын орусча котормолорунан жана ком­ментарийлерден турат. Орусчага СССР ИАнын А. М. Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунун илимий кызматкерлери А. С. Мирбадалева, Н. В. Ки­дайш-Покровская которгон. Басууга КР УИАнын Тил жана адабият институтунун бөлүм башчысы С. Му­саев, Б. М. Юнусалиев, К. Кырбашев, Ж. Му­саева, Р. Сарыпбеков, 0. Сооронов, А. Жайна­кова, С. Бегалиевдер даярдаган.