«МАНАС» (эпос): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(6 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

«МАНАС» — кыргыз элинин баатырдык эпосу; Манас баатыр жана анын уулу Семетей, небереси Сейтектин Ата Мекенди коргоодогу эрдиктерин баяндайт. Манасчылар тарабынан айтылат. Биринчи жолу 19-к-дын 2-жарымында жазы­лып алынган. Мазмуну өзгөчө узак убакыттар аралыгындагы эл турмушунун ар кыл жакта­рын камтыйт. Кыргыздар кылымдар бою өз та­былгалары менен билгендерин, оң-терс, жакшы­жаман, дос-кас, турмуш, жаратылыш, коом жөнүндөгү түшүнүктөрүн, моралдык жана адеп-ахлак­тык нормаларын ушул чыгармага топтогон. Ошондуктан «М-ты» Ч. Валиханов «....кыргыз­дардын бардык мифтеринин, жөө жомоктору­нун, уламыштарынын энциклопедиялык жый­нагы» (Избр. произв., А.-А., 1957, С. 112), деп жазса, академик В. В. Радлов «...элдин бардык турмушунун жана бардык умтулуула­рынын чагылышы» (Образцы народной литера­туры северных тюркских племен, Ч. 5, СПб., 1885, С. 111),-дейт. «М.» - кыргыз фольклору­нун бай мазмуну, жог. көркөмдүгү менен өзгөчө­лөнгөн эң бийик чеги, эң артык үлгүсү. Бул эпос­тун көлөм жактан дүйнөдө теңдеши жок, «...өзүнүн эбегейсиз зор масштабы боюнча буга чейинки белгилүү элдик эпикалык поэмалардын бардыгынан зорлук кылат» (Жирмунский В. М. Народный героический эпос. М.; Л. 1962. С. 282). Мисалы, «М-тын» С. Каралаевден жазылган бир гана вариантынын көлөмү - 500553 сап ыр. Бул көлөм «Илиада» (көлөмү 15693 сап ыр) менен «Одиссеяны» (көлөмү 12110 сап ыр) кошуп эсеп­тегендеги көлөмдөн (27803) 20 эсе көп. «М.» кыргыз элинин айрыкча Октябрь революциясына че­йинки саясий-социалдык жана маданий, рухий турмушунда чоң мааниге ээ болгон. «Жүздөгөн жылдар бою кыргыздар үчүн бул эпос таалим алуучу роман-китептин, таасирдүү сахнанын жана экрандын, өткөндү эске салуучу тарых ки­тебинин милдетин аткарып келген» (Юнуса­лиев Б., Кириш сөз//«Манас». 1-китеп, Ф., 1958. 6-6.). «М.» бүгүн да өз маанисин жогото элек, көркөм чыгарма катары элди тейлөөсүн, эстетикалык рахат берүүсүн улантууда. Ошон үчүн бул эпосту кыргыз элинин улуттук сый­мыгы, дүйнөлүк көркөм маданияттын казынасына кошкон зор салымы деп баалоого толук негиз бар. «М.» тууралуу жазуу жүзүндөгү алгачкы маалымат «Мажму ат-таварихтен» жолугат. Анда эпостун айрым белгилүү окуялары тары­хый окуялар менен аралаш баяндалып, каарман­дары тарыхта жашаган адамдар катары көрсөтү­лөт. Бирок окумуштуулардын кийинки убак­тардагы изилдөөлөрү бул маалыматты далил­деген жок. «М-ка» көркөм чыгарма катары би­ринчи болуп Ч. Валиханов жогору баа берген жана текстин кагаз бетине түшүргөн. Ал Ысык­Көл боюндагы кыргыз арасында болуп, 1856-жылы 26-майда «М-ты» угуп, белгилүү окуяларынын бири «Көкөтөйдүн ашын» кагаз бетине түшүрүп алган [бул орчундуу материал узак убакыттар бою илимде белгисиз жүрүп, 1965-жылы А. X. Мар­гулан тарабынан табылды жана факсимилеси менен «Чокан жана “Манас”» аттуу эмгегине (1971) жарыяланды]; укканы боюнча эпостун кара сөз түрүндөгү кыскача мазмунун орус тилинде 1904-жылы «Жунгария очерктери» деген эмгегине бастырган. Ч. Валихановдон кийин Октябрь революциясына чейин «М.» боюнча материал жарыялап, ага илимий пикир айткандар - академик В. В. Рад­лов жана венгр окумуштуусу Г. Алмаши. В. В. Рад­лов эки жолу - 1861-жылы Текестеги, 1869-жылы Чүйдөгү кыргыздарда болуп, эпостун окуяларын бүт жазып, немис тилине которуп, кыргызчасын өзүнчө, немисчесин өзүнчө том кылып 1885-жылы Санкт-Петербургдан чыгарган; кириш сөзүндө «М-тын» мазмуну, манасчылардын чыгармачылыгы жөнүндө орчундуу илимий пикир айткан. Венгр окумуш­туусу Д. Алмаши 1911-жылы «Ке1еН Сзеш1е» жур­налына «Манастын уулу Семетей менен кош­тошкону» деген аталышта эпостон чакан үзүндү жарыялап, текстке өз комментарийин берген. «М-ты» жана ага байланыштуу маселелерди илимий негизде изилдөө, бастыруу иштери советтик доордо гана кеңири жолго коюлду. Улуттук фолькло­ристтердин өсүп чыгышы менен, орус жана башка советтик илимпоздордун жардамы аркылуу бул ба­гытта орчундуу ийгиликтер жаралды (к. Ма­нас таануу).

Айтылуу манасчылардан М-ты жыйноо 20- жылдары башталган. 1922-жылдын жай айла­рынан тартып, Сагымбай Орозбаковдон К. Миф­таков баштап, Ы. Абдырахманов уланткан «М-ты» жазуу иши 1926-жылдын августунда аяктаган. Бул аралыкта улуу манасчыдан «Ма­нас» бөлүмү толук жазылып алынган (көлөмү 180378 сап ыр). Биздин доордун гомери атал­ган С. Каралаевден 1935-жылы К. Жумабаев та­рабынан башталган эпосту жазуу иши 1936- жылдан тартып Ы. Абдырахманов тарабынан улантылып, 1-бөлүм 1937-жылы бүткөн (көлөмү 85367 сап ыр). 40-жылдар ичинде Саякбайдан эпостун 2-3-бөлүмдөрү да толук жазылып алын­ган (жалпы көлөмү 500553 сап ыр). 1968-жылы Кыр­гыз ССР ИАнын Тил жана адабият институту С. Кара­лаевден эпостун үч бөлүмүн бүт магнитофон тас­масына жазып алган (24 кассета, ар бири 350 лгден). Шапак Рысмендеевден/1935-жылы баш­талган эпосту жазуу_ишине О/ Кыштообаев, К. Кыдырбаева, Т. Байжиевдер катышып, не­гизги эпизоддор бүт жазылган (көлөмү 46671 сап ыр). 1944-45-жылы ичинде С. Байсалов, А. Тайкү­рөңов, Ы. Абдырахмановдор Молдобасан Му­сулманкуловдон эпостун кыскартылган түрдөгү бардык эпизоддорун жазышкан (көлөмү 57688 сап ыр). 1938-40-жылы арасында Т. Абдракунов, М. Багышев, С. Мусаевдер Б. Сазановдун вариан­тын жазышкан. Көлөмү 41140 сап ыр (бул ва­риантта «Көкөтөйдүн ашы», «Көзкамандар окуясы» сыяктуу айрым эпизоддор жок). 1937- 39-жылы Тоголок Молдо 48492 сап ыр көлөмдөгү өз вариантын жазып тапшырган (негизинен эки чоң эпизод: эпостун алгачкы окуялары жана «Чоң казат»), 1951-жылы Ы. Абдырахмановдун өзү жа­зып тапшырган вариантында эпостун кыскар­ган түрдөгү бардык негизги окуялары бар (көлөмү 14380 сап ыр). 1960-70-жылдары «Манас» секто­рунун кызматкерлери тарабынан Мамбет Чок­моровдон эпостун үч бөлүмү жазылып алынды («Манас» бөлүмүнүн көлөмү 103090 сап ыр). Бу­лардан башка да эпостун 2-3-бөлүмдөрү (к. «Се­метей», «Сейтек») жана үч бөлүмдүн айрым эпизоддору көптөгөн айтуучулардан жазылып алынган.

1925-жылы Москвадан «Семетейдин» бир бөлүмү (Тыныбек жомокчунун варианты боюнча; жыйна­ган, басмага даярдап, кириш сөз жазган Э. Ара­бай уулу; көлөмү 3617 сап ыр) басылып чык­кан. Бул - советтик доордо эпостон биринчи ирет жарык көргөн текст. Ошондон бери «М-ты» бас­тыруу иши ийгиликтүү уланууда. 30-жылдар­дын аягынан тартып текстти системалуу бас­тыруу, орус тилине которуу маселелерине көп көңүл бурулуп, атайын чечимдер кабыл алын­ган. Натыйжада текстти кыргыз тилинде бас­мага даярдоо иштери колго алынып, эпостун орусчага которулган айрым үзүндүлөрү гезит­журналдарга жарыялана баштаган (1935-40-жылы 26 жолу жарыяланган). 1940-45-жылы «Манас» сериялары деген жалпы ат менен белгилүү манас­чылардын варианттарынан алынган айрым эпи­зоддордон 11 китепче жарык көргөн: «Манас­тын балалык чагы», С. Орозбаковдун айтуусу боюнча, басмага Ы. Абдрахманов даярдаган (кара сөз аралаш), 1940, 132 б.; «Алооке хан», С. Ороз­баковдун айтуусу боюнча, басмага Ы. Абдырахма­нов даярдаган, 1941, 56 б.; «Каныкейдин жо­могу», С. Каралаевдин айтуусу боюнча, басмага Ы. Абдрахманов даярдаган, 1941, 108 6.; «Ка­ныкейдин Тайторуну чапканы», С. Каралаевдин айтуусу боюнча, редакциялаган - Ө. Жакишев, 1941, 156 б.; «Макел дөө», С. Орозбаковдун ай­туусу боюнча, басмага Ы. Абдырахманов даярда­ган, 1941, 64 б.; «Манастын өлүмү», С. Каралаев­дин айтуусу боюнча, басмага Ы. Абдырахманов даярдаган, 1941, 64 б.; «Манастагы элестер». Мектеп жашындагы балдар үчүн, түзгөн - К. Ма­ликов, 1941, 39 б.; «Семетейдин Букардан Талас­ка келиши», Тоголок Молдонун айтуусу боюнча, басмага Ы. Абдырахманов даярдаган, 1941, 56 6.; «Үргөнч», А. Рысмендеевдин айтуусу боюнча, басмагаЫ. Абдырахманов даярдаган, 1941, 64 б.; Алгачкы айкаш, «Чоң казаттан» үзүндү, айтуучу - С. Орозбаков, басмага Ж. Бейшекеев даярдаган, 1942, 98 б.; Майдан «Семетейден», айтуучу - Тоголок Молдо, басмага даярдаган - Ж. Бейшекеев, 1943, 63 б.; Биринчи казат, ай­туучу - С. Орозбаков, басмага даярдаган - К. Рахматуллин, 1944,108 б.; академик Б. М. Юну­салиевдин жалпы редакциясы менен даярдалган, кыскартылып бириктирилген төрт томдуктун 1-2-китептери (басмага даярдаган - К. Мали­ков), 1958; 3-китеби (басмага даярдаган - А. То­комбаев), 1959; 4-китеби (басмага даярдаган - Т. Сыдыкбеков), 1960. «М-тын» айрым эпизод­дору орус тилине которулуп, үч жолу өзүнчө китеп болуп басылып чыкты: «Алмамбет жана Алтынай», кыргыз эпосу «Манастан» эркин которгон - С. Клычков (М., 1936, 168 б.); «Ма­нас» - кыргыз эпосу. Чоң казат». Которгондор - С. Липкин, Л. Пеньковский, М. Тарловский, редакциялагандар - Ө. Жакишев, Е. Мозольков, И. Сельвинский, К. К. Юдахин. Киришүү мака­ласын жазгандар - Е. Мозольков, Ө. Жакишев (М., 1946, 372 б., илл. менен); «Манас». Кыргыз­дын элдик эпосунан эпизоддор. Которгондор - С. Липкин жана Л. Пеньковский. Кириш сөзү С. Даронян менен С. Липкиндики (М., 1960, 310 б.). Эпостун казак тилине которулган үзүндүлөрү өзүнчө китеп болуп «Алгачкы айкаш» (котор­гон - Куандык Жеми) деген атта Алматыдан 1942-жылы, кыскартылып бириктирилген вариант­тын 1-2-китептери 1962-жылы, 3-4-китептери 1963-жылы, «Көкөтөйдүн жомогу» 1973-жылы (котор­гон - А. Маргулан) басылып чыкты. Бирикти­рилип кыскартылган 1-2-3-китептери өзбек тилинде Ташкентте 1964-, 1966-, 1968-жылда­ры басылды. «М.» - структурасы жагынан генеал. циклдешүү принцибинде түзүлгөн чыгар­ма. Ошондуктан анда баатырлардын бир канча мууну жөнүндө сөз болот да, ар бир негизги баа­тырдын өмүр жолуна байланышкан окуялар өз­өзүнчө чоң бөлүмдү түзөт: Манас, Семетей, Сейтек. Эл арасында ушул үч бөлүмдүн окуяла­ры өзгөчө кеңири тараган. Бирок айрым манас­чылар «Сейтектин» уландысы, өз алдынча чы­гарма катары башка бөлүмдөрдү да айтышат. Мисалы, Саякбайдан Сейтектин уулу Кенен, анын балдары Алымсарык, Кулансарыктардын окуя­лары да жазылып алынган. Саякбайдын уста­ты, белгилүү чоң манасчы Чоюке да эпостун ушул кийинки бөлүмдөрүн кошо айтчу экен. Күчтүү душманынан жеңилип, кордук көргөн, чабылып-чачылган кыргыздардын башын ко­шуп, ата-бабасы жердеген мекенге кайра алып келген Манас баатырдын эрдик иштери эпостун биринчи негизги бөлүмүнүн мазмунун түзөт. Бул бөлүм согуштан жарадар болуп келип өлгөн Манасты эли урматтап коюшу жана эстелик тур­гузушу менен аяктайт. Манастын уулу Семетей жөнүндөгү окуялардан эпостун экинчи бөлүмү ку­ралат (к. «Семетей»), «Сейтек» - эпостун кору­тунду бөлүмү. Мында элдик оң идеянын жеңиш­ке жетиши, эл кызматын кылган баатырлар­дын иши өлбөйт, алардын ордун баскан азамат­тар дайым болот деген идея берилет. Эпостун үч бөлүмүнүн негизгиси - Манас баатырдын өзү жөнүндөгү биринчи бөлүм, анткени, эркиндик-тең­дик, көз каранды болбоо, биримдешүү, мекенди урматтоо, эл ишин баарынан жогору коюу сыяктуу элдин асыл ой-тилектери, түшүнүктөрү өзгөчө даана, кенен жана зор таасир берерлик күчтө ушул бөлүмдө баяндалган. «М.» - көп ва­рианттуу чыгарма. Азыр анын үч бөлүмүнүн 79 варианты белгилүү. Вирок бул сан чек эмес, ант­кени эпостун жаңы варианттарын жазуу иши дагы эле уланып жатат. Варианттардын жакын­дыгы алардагы башкы теманын, негизги идея­нын бирдейлиги, сюжеттик линиянын окшош­тугу, оң, терс каармандардын бирдей бааланы­шы жана түшүндүрүшү аркылуу белгиленет. Би­рок ар бир варианттын өзүнө таандык өзгөчө­лүктөрү да бар. Мисалы, эпостун негизги вариант­тарынан деп эсептелген С. Орозбаков менен С. Ка­ралаевдин варианттарында тема да, идеялык багыт да, негизги окуялар да, сюжеттин өнүгүшү да бири бирине жакын, бирок эки манасчы ар бир окуяны өз сөздөрү менен, өзүлөрүнчө баянда­шат. Анын үстүнө бир эле окуя бир манасчыда кыскача баяндалса, экинчисинде алда канча кеңири баяндалат: кыргыздардын жоодон ча­былышы С. Орозбаковдо эскерүү иретинде гана кыска берилсе, С. Каралаев ал окуяга кеңири токтолот ж. б. Кээде бир эле окуя эки башка чечилген учурлар бар: С. Каралаевде Манас Чоң казат учурунда жарадар болуп үйүнө кайтып, ошол жараттан өлсө, С. Орозбаковдо жүрүштөн эсен-соо эле кайтып келип, өзү жокто элине кол салган жоо менен болгон согушта жарадар болуп, ошондон кайтыш болот; же Саякбай боюнча баа­тырга күмбөз Таласка салынса, Сагымбайдын вариантында күмбөз Баяндынын талаасында­гы Кум-Арык деген жерге салынат. Булардан башка кээде бир вариантта бар окуя экинчи­синде жолукпай, же чыгарманын жалпы сю­жеттик өсүшүндө окуялар орун алмашып, ал турмак бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө көчүрүлүп айтылышы да учурайт: С. Каралаевде Манас жаш чагында буудай айдап, Аккуланы ошонун түшүмүнө сатып алат; бул окуя С. Орозбаковдо жок, тескерисинче, Сагымбайда Саякбайдын ва­риантында жолукпаган көптөгөн майда жана чоң эпизоддор кезигет; Көкөтөйдүн ашын Сагымбай биринчи бөлүмдө «Чоң казаттан» мурда айтса, Саякбай аны «Семетей» бөлүгүндө Толтойдун эс­керүүсү катары айтат ж. б. Эпостогу бардык варианттарда бирдей бааланган оң каармандар тобун эл эркиндиги үчүн күрөшкөн баатырлар, терең акылы, чебер өнөрү, көптү билген дааныш­мандыгы менен белгилүү болгон адамдар түзөт. Башкы каарман - Манас. Ал - чексиз баатыр, жөн билги уюштуруучу, калыс, акылман же­текчи. Ошон үчүн ал элден чыккан эрлерди ай­ланасына топтоп, элди уюштуруп, душманда­рына каршы турат, чабылган-чачылган элдин башын кошуп, жоосун жеңип, мекенин баскын­чылардан бошотот. Бирок бул зор маанилүү иште Манас жалгыз эмес, анын күчү элден чык­кан жакын жардамчыларында, жалпы элге таянгандыгында. Эпосто акылман, жөн билги карыя Бакайдын, сарамжалдуу, чебер уз, терең акыл Каныкейдин, журт атасы атанган алп Ко­шойдун, билими, өнөрү менен таанылган Алмам­беттин, карандай күчтүн ээси Чубактын, жаш баатыр, эпчил Сыргактын, алтымыш түрдүү тил билген, чечен Ажыбайдын жана башка көп каар­мандардын образдары да терең иштелип чыгып, элестүү берилген. Терс каармандардан Коңурбай, Жолой, Ороңгу, Нескара, Эсенкандардын об­раздары да өзгөчө таасирлүү иштелген. «М.» - көркөм деңгээли бай мазмунуна тете келген өзгөчө таасирлүү күчкө ээ чыгарма. Анын таа­май сүрөттөмөлөрү, бай көркөм сөз каражатта­ры кыргыз тилинин байлыгын, сүрөттөп берүү мүмкүнчүлүгү чексиз кенен экенин айгинелейт. «М-тын» чыгыш доору жөнүндө окумуштуулар ара­сында ар башка илимий жоромолдор айтылат. Мисалы, М. Ауэзов менен А. Н. Бернштам «М-ты» 7-9- к-да пайда болгон десе, В. Юнусалиев 9-11- к-да, ал эми В. М. Жирмунский 11-18-к-да пайда болгон дейт. Эгер «М-тын» чыгышына кыргыз элинин тарыхында чечүүчү кырдаал болгон кара кытайлардын чабуулу себеп деген Б. Юнуса­лиевдин пикирине таянсак, анда эпостун жашы бир миң жылга таяп барат. Бул багытта али такталып, жалпы кабыл алынган пикир жок. Бирок бир талашсыз чындык: «М.» көп катмар­луу окуялардан туруп, чыгарма болуп узак уба­кыттар аралыгында калыптанган. Ошондуктан анын сюжетин түзгөн окуялардан ар кайсы доор­лордун изин, ар кайсы доорлорго таандык көз караш-түшүнүктөрдү байкайбыз. Андан ошондой эле мифол. түшүнүктөрдөн, фетишизм, шаманизм ишенимдеринен тартып, тарыхый окуяларга чейин, жөө жомоктук сюжеттерден эпикалык, эл, жер аттарынан чыныгы географиялык маалымат­тарга чейин, элдин үршадат, жашоо тиричили­гинин түрдүү учурларынын сүрөттөмөсүнөн тар­тып эпикалык салттарга чейин кеңири жолу­гат. Ошон үчүн бул эпосту илимдин ар кайсы тармагынын өкүлдөрү маанилүү булак катары кеңири пайдаланышууда. «М-тын» айрым ча­кан үзүндүлөрү француз, немис, англис тилде­рине да которулуп жарык көргөн. Эпос боюнча аты уйкаш опера жазылган.

«М.» эпосунун тексттерин жазып алууда жана аларды изилдөөдө көптөгөн окумуштуулар, изилдөөчүлөр, жыйноочулар зор салым кошту. 20-к-да Д. Алмаши, К. Мифтаков, Ы. Абдрахма­нов, Э. Арабаев, Б. Солтоноев, П. Берков, К.

Ты­ныстанов, Е. Поливанов, А. Бернштам, В. Жир­мунский, К. Карасаев, К. Жумабаев, Ж. Ыры­сов, Р. Кыдырбаева, С. Мусаев, Б. Токтогулов, А. Тайгүрөңов, С. Байсалов, М. Ауэзов, Б. Юну­салиев, К. Рахматуллин, С. Абрамзон, М. Бог­данова, А. Петросян, А. Инан, А. Хатто ж. б. зор салым кошсо, 20-к-дын 2-жарымында 3. Мамытбеков, Р. Кыдырбаева, С. Мусаев, М. Мамыров, Э. Абдылдаев, С. Бегалиев, А. Жай­накова, К. Кырбашев, Б. Исаков, Р. Сарыпбеков, И. Молдобаев, Ш. Акмолдоева ж. б. узак жыл­дар бою системалуу эмгектеништи. 21-к-да ма­нас таануу илимине өз салымдарын кошуп, «Манас» эпосун жана манасчылардын чыгармачылык өнөрканасын, касиетин кийинки муундагы оку­муштуулар: Ж. Орозобекова, А. Бакиров, Т. Бак­чиев, С. Дүйшөнбиев ж. б. изилдеп жатышат.

КРдин Президентинин жарлыгы менен 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгы белгиленди (к. «Манас» эпосунун миң жылдык салтана­ты). «М.» эпосунун негизинде Манастын таа­лим-тарбиялык мааниси зор жети осуяты иш­телип чыкты: 1. Эл-журттун ажырагыс бүтүн­дүгү жана бир жакадан баш, бир женден кол чы­гарган ички биримдиги. 2. Улуттар аралык ын­тымак, достук жана кызматташтык. 3. Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет. 4. Арыбас мээ­нет, алдынкы өнөр - билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу. 5. Айкөлдүк, кечиримдүүлүк, гумандуулук. 6. Табият менен таттуу мамиледе болуу. 7. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо. Ошол эле жылы БУУнун Генералдык Ассамблеясы тарабынан «Манас жылы» деп жарыяланган. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 2011-жылдын 28- июнунда КРдин Президенти тарабынан «“Ма­нас” жөнүндө» мыйзамга кол коюлду. 2012-жыл­дын 27-январында КРдин Президентинин жар­лыгы менен, кыргыз элинин мекенчилдигин күчөтүү максатында, бардык жогорку жана ата­йын орто окуу жайларынын окуу системасына Манас таануу окуу курсу киргизилди жана ушул эле жылы жалпы билим берүүчү мектеп окуу­чулары үчүн «М.» үчилтиги жарык көрдү (түз. Б. Жакиев, Д. Андашев). 2013-жылы 4-декабрда КР Жогорку Кеңешинин депутаты К. Самаковдун демилгеси менен «М.» үчилтиги ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурасынын тизмесине каттал­ды. «М.» - эпосу өзүнүн көркөм-эстетикалык, саясий-идеялык, тарбиялык маанисин эч убак­та жоготпой турган руханий кенч. Эпос кылым­дар бою манасчылар тарабынан айтылып кел­ген жана азыркы күндө да манасчылар аркылуу элге жетип отурат. Дүйнөдөгү башка элдердин элдик эпостору болгону менен алардын айтуучу­лары көп жылдар мурда эле өз жашоосун ток­тотуп койгон. Ал эми кыргыз элинин манасчы­лары бүгүнкү күндө да өз варианттарын жара­тып, калын эл катмарына «М.» эпосунун мазму­нун, идеясын жайылтып келүүдө. Башка дүйнө элдеринин эпосторуна салыштырмалуу кыргыз элинин баатырдык эпосу жандуу өмүр сүрүп келе жаткан тирүү эпос деп эсептелинет, к. Манас таануу, Манасчы, «Манас» эпосунун академия­лык басылышы, «Манас» энциклопедиясы.

Ад.: Киргизский героический эпос «Манас» М., 1961; Мамытбеков 3., Абдылдаев Э. «Манас» эпосун изилдөөнүн кээ бир маселелери. Ф., 1966; Маргулан А. «Манас» - героический эпос киргизского народа. Ф., 1968; Поливанов Е. Д. Киргизский героический эпос «Манас». Фонд Сорос-Кыргызстан». 1999; «Манас» энциклопедиясы. 1—2-т. Б., 1995; Мусаев С. Манас таануу илиминин тарыхы. Б.. 2000; Кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2002; 2004; Мамыров М. «Манас» эпосунун калыптаныш тарыхы. Б., 2005.

|С. Мусаев|, Т. Бакчиев.